Сыйынуу

islam014
  • 04 Кулжа 2017
  • 0
  • 614

Аллах менен адамдын ортосундагы мамиле –эки тараптуу процесс

Кудай Өзүнүн жараткан заты менен тынымсыз байланышта, мамиледе. Ал мамиле ар кандай жолдор менен болот – ал мамилелердин көпчүлүгүн адам аңдай бербейт. Мисалы, адамдар “билсин, окусун, уксун” деп жиберилген Сөз, Ыйык Куран аркылуу Ал асмандардан, жерден, тоолордон, өрттөн, тозоктон, жаныбарлардан, ж.б. кабардар экенин билдирип турат.




Андан тышкары Аллах жердеги Өзү жараткан жандардын бири, жердеги дайындаган жоопкер, башчысы, Адам менен байланышып турат. Ал айтат:
 
«Аллах аян аркылуу, же тосмонун (парданын) артынан, же өз уруксааты менен пайгамбар жөнөтүп өз каалаганын кабар кылбай туруп, адамга сүйлөгөн эмес. Акыйкатта, Ал –Бийик, Даанышман!» (Куран, 42:51).
 

Ошентип, Аллах  Куран аркылуу осуяттарды, насааттарды жиберүү аркылуу жогорку акыйкатты түшүндүрүп, мына ушундай жолдун негизинде адам менен байланышып тураарын түшүндүк. Так эле ошондой нук менен Ал  Мухаммед Пайгамбардын (САВ) өмүрүнүн, сүннөтүнүн мисалында кандай жашоо керектигинин, эмнеге тыюу салганынынын үлгүсүн адамдарга жиберген, Куранда мынтип айтылган:
 
 «Ал өз көңүлүнөн чыгарып айтпайт. Болгону – түшүрүлгөн аян.» (Куран, 53:3-4).
 
Мындан тышкары,   адам менен болгон мамилесинде Аллах ага сансыз белгилеринин, майда-чүйдө, жөнөкөйүнөн  баштап, чоң, улуу нерселерден өйдө маани-мазмуну тууралуу маалымат берет. Ал белгилер физикалык дүйнөнүн бүт катмарын гана  эмес, адамзат табиятынын, коомдун, цивилизациянын жана тарыхтын терең катмарларын камтыйт.  Аллах мынтип айтат:
 
«Асмандар менен жерде канчалаган далилдер бар. Бирок, адамдар ага көңүл бурушпайт» 
(Куран, 12:105).

 
Курандагы чыныгы акыйкат – адамзат тарыхын, айрым өзүнчө бир инсандардын тагдырын ичине камтыган акыйкат; ал акыйкаттын ичи  бу дүнүйөдө өтө арбын кездешкен физикалык, метафизикалык белгилерге жык толгон.
 
Дагы бир соңку айтаар таасын сөз, Аллах инсан менен анын табиятындагы фитрасы аркылуу байланышат. Фитра – бул Аллах адамдын табиятынын түпкүрүнө салып койгон жаратылыш, Кудайы ким экенин таанышы керек болгон табигый мүнөз. Куранда айтылгандай (7:172) Аллах “адамын перзенттеринин жонунан (белинен) өздөрүнүн урук-тукумдарын чыгарып”, Өзүнүн Кудай жана Жаратуучу экенине Аллах аларды күбө болуусуна мажбурлаган, ошентип  ар бир адам дүйнөгө жаралганда ушундай аң сезим менен келет. Бул деген – ар бир пенде туулганда чыныгы акыйкат болгон  исламга таандык болуп төрөлөт дегендик. Бул табигый Кудайга берилүүнү же чыныгы адамдык табиятты Аллах Адамдын уулдарынын урпактары Аллахты Кудай жана Жаратуучу деп таанып, күбөлүк бергенден тартып ар бир адамдын түпкү табиятына сиңирди. Аллахтын жараткан заттарынын бири катары жана Аллахтын кулу иретинде бүт адамдар Жаратуучуга, Кудайга, Берешендик Ээсине таандык болуп туулат.
 
Туулганда эле ар бир адам калп диний ишенимдерден алыс, сергек ойлонуп, терең таразалап аңдоого жөндөмдүү болуп туулат, ошол эле учурда  тээ ичкерки жагында жамандыкты, жалганчылыкты такай  жан дүйнөсүнөн алыс түртүп турат.
 
Бирок Аллах менен адамдын ортосундагы мамиле – бир тараптуу процесс эмес. Ал мамиле Аллахтын Сөзүн, Кайрылуусун кабыл алып жаткан пендеси үчүн жемиштүү, маанилүү, чыныгы нукура касиетке ээ,  бардык эле мамилелер сыяктуу эки тараптуу, эриш-аркак болот. Түз же кыйыр түрдө мамилелешип турсун деп Аллах пендесине көптөгөн мүмкүндүктөрдү берген. Алардын бири – беш убак намаз окуп, Аллахтан жардам суроо, эстөө, Аны даңктоо, же Жаратканга кайрылгысы келген учурдун баарында Ага түз кайрылып, сүйлөшүү. Адам Аллах туурасында ой толготуп: Анын ыйык касиеттерин, Анын жараткан нерселерин, Анын уч-кыйрысыз кубаттуулугун, артыкчылыгын, улуулугун  жеке өзүнүн пенделик алсыздыгы, бечаралыгы, жупунулугу менен салыштырып  көрүп, тамшанып, таң калууга мажбурлайт:
 
 «Оо Эгебиз! Сен муну максатсыз эле жаратканың жок. Сен –Аруусуң! Бизди тозок азабынан сакта!”   (Куран, 3:191).
 
Андан тышкары, Жаратканды кандай учурда болбосун, кай жерде болбосун эстеп турчу адамдар болот:
 
“Алар Аллахты турган абалда, олтурган жана жамбаштаган абалда да эстешет жана асмандардын жана жердин жаралуусу жөнүндө ой жүгүртүшөт...» (Куран, 3:191).
 

Адам өз жүрөгүн кай жерде экенине карабай, качан болбосун ачып Жаратканга, Сактоочуга кандай гана тилде болбосун кайрыла алат. Аллах мынтет:
 
 «Эгер пенеделим сенден Мен тууралуу сурашса: “Мен жакынмын. Качан Мага дуба кылса, дубасын кабыл кылам.  Мага да жооп кылышсын! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар Туура жолду табышаар” (Куран, 2:186).
 

Аллах менен болгон мамиленин маанилүүлүгү
 
Жогорудагынын баарын эске алып айта турган болсок, Аллах менен болгон мамиле адамдын канын сергитип, улам тирилтип турат, алар Себеп жана Натыйжа сыяктуу мүнөзгө ээ. Мамиле канчалык күчтүү, терең болсо, катнаш да тыгыз жана жемиштүү боло баштайт. Анан албетте алсыз, туруксуз мамиленин  арты  ошого жараша алсыз, туруксуз болот.
 
Чындап эле Аллах менен болгон жемиштүү мамиле үчүн адамга мамилелешүүнүн өзүнчө бир сапаттары болушу кажет. Анткени, адам Аллахка сыйынуу, табынуу үчүн  (Куран 51:56) (таануу жана кызмат кылуу) жаралган, мындайча айтканда, адамды жаратуунун максатынын тереңинде – Аллахтын бар экенин таануу, акыл-эс менен, өз эрки менен бу дүйнөгө жаратылгандыгын Аллахтын ойлоп табуучулугуна, Эркине баш ийдирүү. 
 
Адамдын өмүрү – таанып-билүүдөн, сыйынуудан, кызмат кылуудан турат. Ар бир пенде тынымсыз түрдө, жандуу түрдө Аллах менен байланышта болуп, Аллахтын Улуулугун терең ойлоп-талдап, изденүүгө тийиш.  Мисалы, Куранды окуу, бул да Аллах менен болгон байланыштын бир түрү, пенде Китепти окуганда Аллахтын сөздөрүн окуп жатканын аңдап, анын мазмунуна маани берип, өз жашоосунда ошол окугандарын пайдалана билүүсү керек. Башкача  айтканда, Куран окуган адам аны өзүнө берилген кеңеш, насаат деп кабыл алып,  ошонун баарын аткарууга далалат жасашы зарыл.
 
Ар күнү окулган намаздар да Аллах менен сүйлөшүү, мында адам Кудайга активдүү  таасирленип, анын айткан сөздөрүнө маани берип моюн сунган момундун ролун аткарат. Намазды Аллах пендесине берген чоң мүмкүнүлүк деп кабыл алуу керек, андыктан чындап сыйынуу  менен, Аны даңктап, улуктап, ыраазычылык айтып, таанып Жараткандын Мээримдүүлүгүнөн, кечиримдүүлүгүгөн үмүттөнүп дуба кылсын.
 
Күндө окуган намаздар  - адамдын бул жашоосундагы эң күчтүү, маанилүү кыжаалатчылыктардын бири. Чынында бул Кудайдын адамга берген мыкты белеги. Аллах бул жашоодо бизди колдоп, өзгөртүп, тазалап коюуга мүмкүндүгү бар. Куранда да Аллах ушул тууралуу  айткан:
 
«…Анткени намаз бузукулуктан жана күнөөдөн тыят. Ал эми Аллахты эскерүү андан да маанилүү...» (Куран, 29:45).
 
Бул айтылгандардын баары калетсиз, күнүгө беш ирет намаз окуп бул сыйынуунун керемет касиетин сезген адам эч качан акыл-эси менен жагымсыз, жаман иштерге барбайт.  Анткени беш убак намаз окуган адамдын жүрөгүндө жамандыктарга, күнөөгө батууларга  орун калбай калат.
 
А эгерде намазды да калтырбай окуп, күнөөгө батчу иштерди да жасап койгон адамды көрсөңүз, анын дилинде олуттуу кара так бар, дилдеги ал карарган такты кайра баштан терең талдап, карап чыгып, кай жерден жаза тайган азгырыктар бар экенин  анализдөө  керек.
 
Бардык диний талаптарды, эрежелерди аткарып, чоң  жана кичине күнөөлөрдү кылуудан алыс болуп, такыбаалыкты карманып жүргөн адам бир нерсени эске алсын, бул кадамы менен ал  Аллахтын анын так өзүнө жана абийрине карата жасаган чакырыгына  жооп берип жатам деп түшүнсүн.  Бул абал ният (ниет) деген түшүнүккө жакын – Исламга берилген адамдын НИЕТинде чындап Аллахка берилүү, бардык сыйынууну  Аллахтын ыраазычылы үчүн гана жасоо деген  жоопкерчилик болушу керек.
 
 
Маалымат булагы: About Islam

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 

 

Facebook Пикир