Сыйынуу

islam033
  • 05 Кулжа 2017
  • 0
  • 832

Илимий акыйда: Белгисиз имамдын артынан туруп намаз окуу

Бардык мактоолор жалгыз гана Аллахка, тынчтык жана шүгүрлөр бу дүнүйөгө жиберилген элчилердин төрөсү Мухаммедке (САВ) болсун! Имам Ибн Хазм мындай дейт: “Сен бизге көп күн бою мазхабы белгисиз имамдын артынан туруп намаз окуган кайсы бир адам тууралуу айткан элең; Аллах бизди жана сени Өзүнө жакындаткан, ыраазы болгон илимдерге жана иштерге багыттасын. Бул маселени иликтеп, чукулоону, адамдардын мазхабын териштирип, алардан такып суроо жаңылыгын харижиттер киргизген; Аллах бизди жана сени мээримине алсын». (Расаиль Ибн Хазм, том 3, 207 бет)



Бул жаңы көрүнүштү маалында еретиктер киргизген, азыркы чакта бул багытты  катуу кармангандар тавхид жана намаз маселесинде өтө кызганыч менен мамиле кылаарын айтышып ошого корстон болуп жүрүшкөнү менен, чынында алардын кызганычы Исламдын чыныгы абалынан  ашып өтүп, Шарияттан  да четтеп кетти; алардын мактанган “кызганычы” шайтандан экенинин далили, Аллах баарыбызды Шайтандын азгырыгынан сактасын.
 
 
“Мастуру-ль-халь” (белгисиз)  терминин аныктоо.
 
Адегенде, “белгисиз” (мастуру-ль-халь) түшүнүгү эмнени билдирээрин тактап алалы.  
“Мастуру-ль-халь” (белгисиз)  - бул Исламдагы кандайдыр бир өзгөчөлүктү, белгилерди  таап чыктым деп эсептеп, бирок аны бузгудай эчтеке деле таппаган адам. Аннас  Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мээрими болсун) айткан сөзүн момундайча эскерет:
 
“Кыбылага карай жүз буруп биз айткандай намазды окуса, биз айткандай нерселерди жесе – мына ошол мусулман” (Аль-Бухари).
 
 
Адамдагы Исламдын канчалык экени  анын жасаган иштеринен билинет.
 
Адамдар карманып жүргөн Исламдын канчалык бекем экендиги, алардын ишине, сөзүнө байланыштуу болот, башка динди кармангандардан алар ошонусу менен айырмаланат.
Ибн Аби-ль-Изз мынтет:
 
“Исламдын кайсы бир өзгөчөлүктөрүнүн кайсы бирин жасап аткарган адам мусулман деп эсептелинет”. (Шарх аль-акыда Ат-Тахавиййа; Дар’у та’руд аль-акль ва-ннакль, 8/14).
 
Төмөнкү өзгөчөлүктөрдү мисалдатууга болот:
 
1).  Эки күбөлүк. Бир хадисте айтылат: “Алладан башка Кудай жок экендигин айтышпаса  андай адамдар менен салгылаша берүү мага буюрулган, эгер алар Кудай бирөө экенин моюндап, аны айтышса, анда алардын каны, мүлкү кол тийгис...”
(Аль-Бухари жана Муслим)
 
2). “Мен мусулманмын”-деген кишинин сөзү.
Микдад хадисинде мындай жери бар: “ Мага айтчы, эгер мага динсиз адам кезигип, экөөбүз салгылашып жатып ал менин колумду кылыч менен бөлө чаап, анан менден коргонуу  үчүн дарактын башына чыга качып “Мен Аллахка моюн сундум!” десе – анын ушул сөзүнөн кийин аны өлтүрсөм болобу о Аллахтын элчиси?”дегенде Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын тынчтыгы жана мээрими болсун): “Аны өлтүрбө!”-деп жооп берди. (Аль-Бухари жана Муслим). 
 
    Жогоруда айтылгандар динге ишенбеген адамдын белгилүү бир абалына байланыштуу маселе, аны Ибн Кудама өз негизи менен эскерип өткөн, ал эми Исламды жокко чыгарган жоруктарды жасап, бирок өзүн Исламды кабылдадым  деп  айта берген адамдын маселесине келсек, анда буга карата  Исламдагы чечим башкача: тигил адам өзүнүн Кудайга ишенбестигинен баш тарткандан кийин гана чечим чыгарылат.
 
3). Сыйынуу. Намаз окуп жаткан кишини көрсөк, анын башка жактары бизге белгисиз болсо деле  – ал  биз үчүн мусулман адам. Бул ырастаманы  көптөгөн хадистерден табууга болот, мисалы Ибн Умардын хадиси, же жогоруда мисал келтирген Анастын хадиси.
 
4). Азан жана икамат.  Анас бин Малик эскергендей,  Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мээрими болсун) таңкы намаздын убактысы келмейин чуркачу эмес, эгер азан үнүн укса дароо токтоп калаар эле, эгер азан айтылбаса мечитке чуркоону улантчу (Муслим).
 
5). Ажылык.  Баарынан Улук Алла айтат (мааниси): “Көп кудайга сыйынгандар шайтандар! Алар ырас антишкен соң ушул жылдан кийин Каабага жолошпосун!” (Ат-тавба,28).  Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мээрими болсун) мындай дейт: “Ушул жылдан кийин көп кудайга сыйынган адам ажыга барбайт” (Аль Бухари жана Муслим)
Андай адамга ажыга баруу болбостугу, тыюу салынганы айтылат.
 
Бул айрым бир гана мисалдар.
 
 
 
Белгисиз адамдын артында туруп намаз окуу тууралуу аалымдардын айтканы.
 
Бул маселени жеткилең түшүнүү үчүн аалымдардын айткандарын мисалдаталы:
 
Шейху-ль-Ислам Ибн Теймийа (Аллах аны рахматына алсын) мынтип айтат: “ Төрт имамдын жана мусулмандардын бардык имамдарынын биргелешкен макулдугу болсо, кандай гана белгисиз адамдын артында туруп намаз окууга болот. А эгер кимде ким: “Акидасын билбей туруп кайсы бир адамдын артынан жума намазын да, жамаат намазын да окубайм” десе, ал кишинин динди жаңыча бурмалагандыгы,  ал бул аракети менен сахабаларга, табииндерге, төрт имамга жана башка калган имамдарга каршы чыккан болуп калат. А Аллах баарын билүүчү”. (Маджму* аль-фатава, 4-том, 331-бет).
 
“Алдыда имамдык кылган кандай гана адам болбосун, анын кандайдыр бузуку, арам иштери жок экендигин, динди жаңыча бурмалаган жактарынын жоктугун билсеңер, төрт имамдын, жана башка мусулмандардын бардык имамдарынын биргелешкен макулдугунан кабардар болсоңор, анда артына туруп намаз окуй берсеңер болот. Имамдан “акыйдаң кандай?”  деп такып  сурап алып туруп намазды баштоо шарт эмес. Тескерисинче, алдыда ким турбасын тек гана анын артында туруп ниетти түздөп намазды окуу керек". (Маджму* аль-фатава, 23-том, 199-бет).
 
“Мусулман аалымдары туура көрүп алдыда белгисиз эле адам имамдык кылып намаз окулуп жаткан болсо, анын артына туруп намаз окууга болот. Андай намаз намазга жатпайт, андайга тыюу салынган,- деп ким айтчу болсо, ал адам Ахлу-ссуннава-ль-джамаа`нын биргелешкен чечимине каршы келген болуп калат".  (Маджму* аль-фатава, 3-том, 175-бет).
 
“Мен ишенбеген адамга мүлкүмдү да ага ишенип тапшыра албайм” деген сөздү мисал келтирип, бул кебинин арты менен ишенбеген адамдын артында туруп намаз окубайм дегенди айткысы келген болсо,  анда анын бул айткан сөзү – жахил адамдын сөзү. Мындай сөздү Исламдын бир да имамы айткан эмес”. (Маджму* аль-фатава, 23-том, 199-бет).
     
Жогорудагыдай сөздөрдү бүгүнкү күндө өз пендечилигине азгырылгандар көп айтышат, алар суроо артынан суроо жаадырып такып: “Белгисиз бирөө сенин кызыңдын колун сурап келсе, сен анын акидасын сурабаганда кантесиң? Же бу маселе сенин намазыңдан да абзелби?”-дешет.    Бардык замандарда аңкоолугу менен динди жаңылап жибергиси келгендер  бири бирине өтө окшош дейсиз..  Эй адашуучу, мен алдыда туруп имамдык кылчу кишиден  акыйда тууралуу гана эмес,  каерде жашаарын, канча  аялы бар экендигинен бери сурайын анда!?
 
Шейху-ль-Ислам Ибн Теймийа (Аллах аны мээримине алсын) айтат:  “Ахлу –суннава-ль-джамаанын  негиздеринде айтылгандай, алар жума намаздарын, жамаат менен окулуучу намаздарды, майрамдык намаздарды окушат. Алды жакта динди бурмалабаганы анык, көрүнөө күнөө иштери жок, эч ким билбеген  белгисиз адам турса да, анын имамдыгындагы намаздарды калтырышпайт. Төрт имам жана мусулмандардын башка имамдары бир ооздон макул болушкан болсо, алдыдагы адам белгисиз болсо да анын артында туруп жума, жамаат намаздары окула берет".
(Маджму* аль-фатава, 3-том, 280-бет). Мындай мисалдар Шейху-ль-Исламда оголе көп, бирок ушулардын өзү эле аталган маселеде ахлу-ссунанын  позициясы кандай экенин түшүнүүгө болот.
 
Ибн Кудама (Аллах аны рахматына алсын) мынтет: “Анын кандай экени беймаалым болсо, ал (имам) намаз окууга  тоскоолдук кылчу кандайдыр иштерди жасабаган болсо, анда мындай намаз кабыл кылынат, бул туурасында Имам Ахмад айткан, анткени мусулмандардагы башкы негиз бул – тууралык. Адам намаз окуурун окуп алып, имамдык кылган адамдын Исламына шектенчү болсо, анда мындай намаз кабыл болбойт”. (Аль-мгуни, 2-том, 124-бет).
 

Аль-Бухути (Аллах аны рахматына алсын) мынтип айтат: “Алдыдагы имамдык кылып жаткан сизге бейтааныш адам окуп жаткан намазыңызга тоскоол кылбаса, демек ал намазыңыз кабыл кылынат,анткени мусулмандардагы башкы негиз – тууралык”. (Шарх на мати аль-ихна*, 2-том, 567-бет).
 
Шавкани (Аллах аны мээримине алсын) айтат: “Алды жакта турган адам намаздын шарттарын, эрежелерин өз орду менен аткарган болсо, анын артында туруп окуган намазыңыз кабыл кылынды деген сөз”. (Шархаддурар аль-хадийа, 108-бет).
 
АбдурРахман ибн Мухаммад ибн Касым Ан-Наждий (Аллах аны мээримине алсын) мындай дейт: “ Алды жактагы имамдык кылган адам бейтааныш болсо да , ошол окулган намаз кабыл кылынат, анткени мусулмандардагы негиз – тууралык, деп келип Шейху-ль-ислам: “ Беш убак намазда, жума намаздарында жана башка намаздарда алды жактагы имамдык кылган адамдын күнөө иштери белгисиз болсо, динди бурмалаган жагы жок болсо, төрт имам жана мусулмандардын башка имамдары туура көргөн болсо, ал бейтааныш имамдык кылган адамдын артынан туруп намаз окууга болот. Имамдык кылган белгисиз кишинин динин сурап, ага такып  “акыдаң кандай?” деп  сурак жүргүзүү шарт эмес. Имамдык кылып жаткан киши кандай гана белгисиз адам болбосун, артында туруп намаз окула бериши керек””  (Хашийаарравд аль-мурабба*, 2-том, 309-бет).
 
“Аддурару-ссанийа” аттуу белгилүү китептин автору Шейх АбдурРахман ибн Мухаммад ибн Касым  жогорудагы сөздөрдү айтып жатып анын мааниси эмне экенин эң мыкты түшүнүп туруп сүйлөгөн.  Макала узарып кетпеси үчүн биз болгону айрым бир аалымдардын айтканын мисал келтирип гана чектелдик. Аалымдардын айтымын мисалдатып олтуруп төмөнкү тыянактарды чыгарсак болот:
 
1).  Намазда алды жакта имамдык кылган бейтааныштын артынан окулган намаз кабыл кылынаарын  ахлу-сунна жамааты бир добуштан колдоду, бейтааныш имамга макул болбой, аны тоготпогондор  - динди бурмалоочу.
 
2).  Мусулмандаргы башкы негиз  бул – тууралык. (Ишенбөөчүлүктөн, динге жаңы кошумча киргизүүдөн, күнөөлөрдөн  эркин болуу).
 
3). Бейтааныш имамды такып , анын акыйдасын суроо – динди бурмалоо, жаңы кошумча киргизүү.
 
4). Майрамдык намаздарды, жамааттык жана жума намаздарды калтыруу – динди бурмалаган “өзгөрткүч” өзүм билемдерге  жол берген негиз.
 

 
Автор:  Ханпулат абу Ахмад
Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

 
  
 

Facebook Пикир