Сыйынуу

koran01
  • 02 Бугу 2017
  • 0
  • 457

Куранга кантип жакын болуу керек: 7 кеңеш.

Куранды үстүртөн “билген”, үстүртөн “окуган” адамдар көп. “Канча окусам да башыма кирбейт..” деп айласы түгөнгөндөр да бар. Эгер сиз Куран китебин колго ара-чолодо алгандардын же күндө окуса да кандайдыр натыйжасы болбогондордун же Курандын чыныгы маанисин түшүнүүнүн катарында болсоңуз, анда сизге төмөнкү сунуштарды окууну сунуштайбыз.




1).  Куранды колго алуудан мурда, жүрөгүңүздө эмне бар экенин текшерип көрүңүз.
 
Чынында эле Куран окуудан пайда алуу үчүн, эң башкысы – Аллахтын Кибетин колго кармап окуп баштоодон мурда жүрөгүңүздү текшерип көрүңүз. Эмне максатта, эмне үчүн окуп жатканыңызды билиш үчүн өзүңүзгө өзүңүз чындап суроо бериңиз, кандайдыр маалымат алып, анан аны кайра унутуп коюу үчүн гана окуганы жаткан жоксузбу? Эсиңизде болсун, Мухаммед Пайгамбарды (САВ) анын  аялы “тирүү Куран” деп атаган, анткени Аллахтын Элчиси Куранды жөн эле окуп койбой, андагы аяттар  менен турмушта жашаган.
 

2).  Даарат алып чайканыңыз.
 
Даарат алуу – Куран окуганга чейинки  физикалык жана психологиялык жакшы даярдык.  Анткени сиз жөн жай эле бир китепти окуганы камынып жаткан жоксуз да. Азыр сиз Кудайдын жазган сөздөрү менен мамилелешкени жатасыз, демек мындай аруу мамиле таза болууну, тазалыкты талап кылат.
 

3).  Күнүнө 5 мүнөттөн убакты бөлүңүз.
 
Айрым диндарлар Куранды окууга бир сааттан кем эмес убакыт бөлүү керек деп эсептеп жүрүшөт. Күнүгө китеп карап көнгөн адатыңыз жок болсо, бир саат чынында өтө көп убакыт болуп калат. Андыктан күнүнө болгону 5 мүнөттү бөлүп, Куран окууну адат кылыңыз. Бул тапшырмадан ийгиликтүү өтүп, беш мүнөттүк окуу күнүмдүк нормалдуулукка айланып баратканын сезген соң, беш мүнөтүңүз он мүнөткө, он мүнөтүңүз жарым саатка, жарым саатыңыз бир саатка, балким андан да көпкө уланганын өзүңүз да сезбей каласыз!
 

4). Окуп жатканыңыздын маанисин түшүнгөнүңүзгө ынаныңыз.
 
Курандын арабчасын беш мүнөт окуу – бул жакшы, бирок окулгандардын маанисин түшүнүп окуу кажет. Анүчүн колуңузда Ыйык Курандын текстинин мыкты которулган варианты болсун. Бүгүн арабча Курандын кайсы аятын окуган болсоңуз, анын котормосун да кошо окууга аракет кылыңыз.
 

5).  Курандын өзү “интерактивдүү”, ушуну эске бекем түйүңүз.
 
Интерактивдүү технолгиялар өнүгүп, компьютердик программалар биринен сала бири жаңыланып турган азыркы заманда китептердеги жазууларга көз майын коротуп, ар бир тамгаларга, сөздөргө тигилип окуу  адамды зериктирет, чарчатат,..-  деп калышат. Башка китептер го башка, а  бирок Курандын жөнү таптакыр бөлөк. Колго Куранды алып окуп жатканда Аллах менен мамиле күтүп жатканыңыз, Ал сиз менен сүйлөшүп жатканы “интерактивдүүлүк”  эмей эмине?! Андыктан буга сергек мамиле жасап, көңүлдү жакшылап коюңуз!
 

6). Угуп эле тим болбостон, окууну да унутпаңыз.    
 
Азыркы заманда Куран жазылган аудикассеталар, дисктер, файлдар, сайттарда атайын аудио-китептер өтө көп, көпчүлүгүндө которулган варианттар да бар. Талаа-түздө, иште, көчөдө, унаада баратканда кулакка наушник салып угууга мүмкүндүгүңүз бар экени – бул албетте жакшы. А бирок Куран китепти колго алып окуган- таптакыр башка нерсе. Наушник менен Курандын аудио вариантын  угуп, кошумча иретинде Куран китеп окуганга караганда, күнүгө Куран китеп окууну адатка айлантып, ал эми ага кошумча катары   аудио-угууларды уксаңыз , мына ушул  туура кадам.
 

7).  Куран Китепти окуп жатканда “мага окуганымдын мааниси жеткилең болсун” деп Аллахтан сураныңыз.

Сиздин максатыңыз – Аллахтын Курандагы сөздөрүн окуп, анын маанисин түшүнүп, Жалгыз Аллах үчүн Ага жакын болуу  үчүн ал окулгандарды турмушуңузда колдонуу. Аллах туура жолго салсын деп дуба кылуу – сиздин Куран окуу ишиңиздеги эң мыкты куралыңыз.  
 
 

Маалымат булагы: Muslim Village
Автор: Самана Сиддики (Samana Siddiqui)


Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 

 

Facebook Пикир