Талдоо-аналитика

ТЕМА: Индиядагы мусулмандар келечегине ишенишпейт.

Индиядагы эң ири делген диний азчылык келечегинен кооптонууда. Индияда жалпы калктын 15%ы мусулмандар, мындайча айтканда, мусулмандар бул өлкөдө 172 миллион экенине карабай өлкөдөгү басма сөздө мусулмандардын бар же жок экени деле билинбегендей таризде мамиле кылышат.

Батыштын «орток ислам» (умеренный ислам) кылуу аракетинин түбү жакшы бүтпөйт...

Европада саясый мотиви бар канчалаган зордук-зомбулук окуялары, актылары болгон болсо, аларга тиешеси бар мусулмандардын саны 2% гана. Ага карабастан, Батыш тарапта кандайдыр жардыруулар, адамдарды топ-тобу менен өлтүрүп кетүүлөр болсо эле маалымат айдыңында “радикалдуу Ислам”, “радикалдуу мусулмандар” деген терминдер байма-бай колдонулуп, исламды жаманаттылаган медиа-эпопея күчөп барат.