Тарбия

Isl041
  • 06 Кулжа 2017
  • 0
  • 660

Бала тарбиялоодогу 5 катачылык

Тарбия маселесинде ата-эненин кетирген катасы кийин соңу балдарында калыптанган мүнөзгө, адатка таасир этип, келечекте алардын чыныгы мүмкүнчүлүктөрүнүн, ресурстарынын колдонулушуна, мыкты ийгиликтерди жаратуусуна тоскоол болот. Биз төмөндө балдардын жоопкерчиликтүү, күчтүү, көздөгөнүнө жигердүү умтула билген лидер болуусуна түздөн түз тоскоол болгон бала тарбиялоодогу ата энелердин кетирген 5 катачылыгын айтып кетели:

1).  Бала такай ата энесинин чексиз сүйүүсүнө, көңүл бөлүүсүнө муктаж.
Бул – ата эне балдарын бу дүйнөнүн ар кандай кооптуу жактарынан дайым  калкалап, үлпүлдөтүп балалык баео  дүйнөсү менен эле жашата бериши керек дегендик эмес. Баланы сүйүү – анын өсүүсүнө жардам берүү, адам турмушунда сөзсүз кездешчү кыйынчылыктарды өз алдынча чечүүнү үйрөтүү деген кеп. Эгер биз балага тигил же бул кырдаалда тобокелчиликке барып кадам таштоо зарылдыгын айтпасак, дебесек, үйрөтпөсөк, ал астынан чыккан кандайдыр каршылыктарга даяр эмес болуп чоноет, капыстан пайда болгон оорчулукту ал , иштин баарын бүткөндөй, “акыр кыяматтай” кабыл алып , дароо эле руханий жактан  чөгүп, колун шалдайтып туруп берет.  Европалык психологдор балдардын бала кездеги тажрыйбасы менен чонойгондогу пайда болгон көйгөйлөрүн иликтеп көрүшкөн: эгер бала кичинесинде такыр эле көчөдө ойнобосо, эч бир жыгылбаса чонойгондо жалгызсыраган, жалтак мүнөз күтүп, өз дүйнөсүнө чөмүлгөн фобиялар менен тез-тез алыша берет.  Андан да чатагы, баланы ар тараптан коргоп, чүмкөп, “айланып”, “кагылып”, “садагалай” берсеңиз, эч бир кыйынчылык, тоскоолдук көрбөй чонойгон бала чыдамсыз,сабырсыз, өзүмчүл, өз дараметин өзү чындап билбеген, сезбеген киши болуп чоноет  экен. Эми чындап эле ойлоп көрүңүз, эч бир кыйынчылыкты, түйшүктү көрбөй жетилген  бала өзүнүн чыныгы абалын кантип “мен чынында ушундаймын” деп моюнуна ала баалай алмак эле?   Ошол эле учурда чыдамкай, ар тараптуу кылып чонойтом деп жатып, балага ар кандай кыйынчылыктарды,  бала чыдагыс шарттарды коюп кыйнап аша чапкан деле туура эмес. Башкы маселе,  балаңыз кичинесинен эле: кыйынчылыктар да, кубанычтар да турмуштагы кадыресе нерсе экенин, экөөнүн кайсынысы астынан чыкпасын кубанычты кубанычтай, кыйынчылыкты кыйынчылыктай кабыл алып, аны чечүү адаттагы иш экенин билгидей кылып тарбиялоо зарыл. Негизгиси, сиз тарбия берип жаткан балаңыз  жашоодогу бакыттын, ийгиликтин өзөгү - мүдүрүлүүлөр же кайра туруулардан  тузүлөөрүн түшүнгүдөй болушу кажет.
 
 
2).  Ашкере бөпөлөө
Ата эне баласы үчүн  кээде ашкере эле тынчсызданып, “балам, балам..” деп бөпөлөп жүрүп, ушундай мамилеси менен балдарына артык  эмес, тыртык иш кылышат: балдары үчүн сабагын даярдап беришет, балдарынын төшөгүн жыйнап, асынчу сумкесинин ичиндеги ручке-карандаш, дептерлерине чейин ирээттеп, бала өзү жасашы керек болгон иштерге чейин кийлигишип башташат. Ата энеси тараптан болуп жаткан мындай комфортко бала бара-бара көнүп, өз алдынча, өз эрки менен иш жасоо деген эмне экенин унутат. “Кандайдыр көйгөй чыктыбы? Эчтеке эмес, ата-энем турат го, алар жардам берет да”.  “Акча керекпи? Атамдан, апамдан сурайм да..” ж.б.у.с. баарын ата-энеге арта койгон адат калыптанат. Көбүнесе ата-энелер балдарынын сабактан алган баасына кейип: “Булар баш көтөрбөй окушу үчүн эмине кылса болот ыя..” деп санаа тартышат. А негизи ата эне балдарын  кыйнап-зордобогону оң. Кыйноонун ордуна: сабак даярдоо, билим алуу ата-энеге, мугалимге, директорго  эмес баланын өзүнө керек экендигин терең түшүндүрүү зарыл.  Жеке өзүнүн каалоосу, талпынган аракети өтө маанилүү экенин  бала өзү  түшүнмөйүн,  “окуш керек” деп какшоо, “тигини карачы жакшы окуйт экен” деп башкаларды мисал кылуу эч жардам бербейт. Бирдеме болсо эле ата-энесине карап ыйлактай  берген адатынын уланышына жол бербей, баланы сабактарын аткара алабы-жокпу, кыйналабы-кысталабы  өз эркине коюу туура. Мына ошондо ал мектеп турмушун, андагы берилген үй тапшырмаларын ата-энесинин “айланып, садага болуп” кеткен көзү менен эмес, өз көзү менен көрүүгө, өз акылы менен чечүүгө үйрөнөт. Ошондо гана  ал  өзү алган  “2” деген баа менен эч кимдин иши жок экенин, “2” алабы, “5” алабы ал баалар анын өзү үчүн гана керектигин акыры түшүнүүгө  аргасыз болот. Кыскасы, балаңыз катачылык кетирсе, же кандайдыр бир максатына жетпей калса “чоң кишилер келип баарын жасап берет, бүт ишти жайгарып берет..” деген аң-сезимден алыс болуп өсүп, жоопкерчиликтүү болуп жетилчү мүмкүнчүлүктү балаңызга берүүңүз туура. Антпесе “үлпүлдөгөн” жашоого курчалып өсүп калса, чонойгондо “алтын балыгы”, “сыйкыр таякчасы бар Феялары”, “каалоолорду аткарчу Хоттабыч абышкасы” жок  чыныгы, реалдуу жашоого келгенде өтө кыйналып калаары турган иш.  
 
 
3). Баланын көңүлү деп жалган айтуу, калп мактоо  
Ата-энелер көбүнчө балдарын өтө эле ашыкча мактап, алардын жараткан анча-мынча ийгиликтерин тим эле бир шумдуктуудай жетишкендик катары кабып алып, кенедей эле нерсени тоодой кылып даңазалап жиберишет. Бала ата-энеси тараптан реалдуулуктан алыс, ашыра тамшанган, “сен укмушсуң” деген далыдан таптаган, катыра мактаган кептерди уга берсе, өзүн өзү чындап баалоо сыпатына да доо кетет. Дайыма башкалардын өзүнө карата жогору баа берүүсүн күтүп, өзүнө карата талаптар чындыктан алыс боло берет. “Бул али кичинекей бала, кичинекей падыша, ал кемчилик кетирсе деле падыша, а башкалар анын кол астында кызмат кылган майда кызматкерлер сыяктуу..” деген сыңар мамиле жасоо өтө туура эмес. Бала жасаган кандайдыр жакшы иши үчүн татыктуу алкоо, мактоо алса албетте жакшы, а бирок өтө эле аша чапкан, он эселентип көкөлөтүп жиберген да болбойт.
 
 
4). Баланын ой келди болуп өсүүсүнө жол бербөө  
Баланы жакшы көрөм деп жатып  аны ашкере чалчаңдатып, айтканынын баарын аткарып, ой келди эрке талтаң кылган да туура эмес. Дайым  эле баланын ою менен боло бербей, кээде “жок” же “азыр эмес, башка жолу” деп жооп берген деле жөндүү. Бирок мына ушунтип айткан чакта деле, корс, орой түрдө эмес, бала  “атам,апам мени жакшы көрбөйт экен, мага көңүл бурбайт экен..” деп түшүнүп калбасы үчүн терең түшүндүрүү аркылуу балалык аң сезимге жеткидей кылып айткан дурус.  Сабырдуу, чыдамдуу болуу менен гана жеңишке жетишсе болоорун, кандайдыр ийгиликке ар бир адам жеке аракети, жакшы иштери менен гана жетээрин бала түшүнгүдөй кылып чечмелеп берүү кажет.
 
 
 
5).  Ата-эне балага өздөрү үлгү
“Мин уккандан бир көргөн артык” деген макал бар. Бул деген – бала укканына караганда, көргөнүнө көбүрөөк таасирленет. Ата эне балдарына сөз түрүндө акыл, кеңеш, насаат айтканы албетте жакшы, бирок балдар ата-эненин баскан турганын, сүйлөгөнүн, үйдөгү, сырттагы мамилесин өз көзү менен көрүп тарбия алат. Ата менен эне тигил же бул сөзду кантип айтат, кандай маанайда айтат, кыйкырабы, кыйкырса неге кыйкырат, кубанабы, кубанча эмне себептен кубанат, ошонун баарын мээсине сактап  “ушул туура экен” деп кабыл алып тарбия катары  азыктана берет. Анткени балада үй бүлөдөн башка тарбия булагы болбойт да.  Психологдорго  көпчулүк ата-энелер балдарын алып келишип “балам мынтип атат, тигинтип атат..” деп нааразыланышат, бирок ошентүүнүн ордуна 98% ата-энелер балдарын үйүнө калтырып эле өздөрү психологго келишсе туурараак болмок. Демек, эгер сиз балаңыздан кандайдыр “өөн сыпаттарды” байкасаңыз, балаңыздын ошондой болушуна  “мен өзүм качан жол бердим экен, кай жеримен жаздым экен?” деп баскан-турган, сүйлөгөн-эткендериңизди бир сыйра жакшылап эстесеңиз, балаңыздын башкы маселеси өзүңүздүн эле кетирген катачылыгыңызда жаткан болуп чыга келет. Айтор, балага жакшы тарбия берүүнү уланта бериңиз, ошол эле учурда ата-эне өзүн өзү тарбияласа, ошонун өзү эле балага чоң тарбия экенин унутпоо керек.


Кыргызчага которгон: Кутпидин Жыргалбеков 
 
 
 
 
 

Facebook Пикир