Тарбия

islam03
  • 04 Кулжа 2017
  • 0
  • 1177

Исламда бала тарбиялоодогу 5 башкы принцип

Ата эненин балдарына берген эң мыкты белеги – анын татыктуу тарбиясы. А бирок бала тарбиялоодогу ар кыл теориялык, практикалык кеп-кеңештердин кайсынысын колдонуу, кайсынысын четке кагуудан баш адашат.


Мусулмандын түшүнүгүндө балдар – ата энеге берилген сыйлык, жоопкерчилик гана эмес, эң башкысы  аманат. Андыктан балдарды эмгекти сүйдүрүп, ар тараптан жемиштүү инсан кылып чонойтуп өстүрүүгө, Кудайдан корккон, бүтүндөй мусулмандарга кереги тие турган инсан кылып жетилтүүгө милдеттүүбүз.  Мухаммад (САВ) Пайгамбар мынтип айткан:
 
Адам баласы каза болгондо, анын үч амалынан башка баардык амалдары токтойт. Алар: агып туруучу садакасы (мечит, көпүрө ж.б.), үйрөткөн илими жана ыймандуу баласынын дубасы» (Абу Дауд)
 

Демек, балдарды тарбиялап жатканда  ата эне катары ниетибиз, максатыбыз – алар  бизге жана өздөрүнө бу тирүүлүктө да, акыретте да жардам  бергидей кылып тарбия берүүбүз зарыл. Бул үчүн бала тарбиялоодогу күнүмдүк кадыресе милдеттерден тышкары, 3 маанилүү принципти эске алуу кажет:
 
** Бардык балдар таптаза бойдон төрөлөт.
** Ата-эне балдарын үйрөтүүгө, багытоого милдеттүү.
** Ата эне  жакшы, кайрымдуу иштер менен балдарды тарбияласын.
** Балдарды кээде чектөө зарыл.
** Балдарга милдеттерди жүктөө керек.

 

1). Бардык балдар таптаза бойдон төрөлөт.
 
Адамдын жасаган жорук-жосундарын эки ыкма менен аныктап алсак болот:
 
1.   Адам өзүнүн жасаган тигил же бул аракеттери, таштаган кадамдары  ички сапаттарынын таасири аркылуу ишке ашат.

2.   Адамдын иш аракети өзү кандай абалда турганына түздөн түз көз каранды.
 
Социалдык психологияда мындай абалды “атрибуция” деп коет.  Мухаммад (САВ) пайгамбар бул өңүттө мындай деген:
 
Ар бир ымыркай табигый (фитра) абалында төрөлөт, (андан кийин гана) анын ата-энеси аны иудей, христиан же отко сыйынуучу кылат.  Жаныбарлар деле бу дүйнөгө (тиштелип, кордолуп, кескиленбеген абалда) бүп-бүтүн келишет: кулагы кесилип туулган жаныбарды учураттыңыз беле?! (Сахих Муслим).
 
Бул хадистин маанисине үңүлө турган болсок, Аллах (Ага мактоолор болсун) балдарды таптаза, күнөөсүз, Жалгыз Кудайдын бар экендигин, Анын мээримдүүлүгүнө ишенүүгө дилгир абалда жаратат, мындайча айтканда, бала жаман иштерге, жаман жоруктарга жетеленчү ички сапаттары жок төрөлөт. Бери болгондо, бала 10 жашка чыкмайынча кандайдыр жаман иш жасап салса аны күнөөлөп кереги жок. Анткени бала ичинен, ары жагынан жамандык кылайын деген оюу такыр болбойт, эгер жаман жакка ыктаган иш жасаса, бул демек анын өз айланасындагы чоңдорду туураганы, аларга окшош болгусу келгени.
 
Бала өзү туура деп эсептеген, бирок ата-эненин табитине туура келбеген нерсени жасаса, ата-энеси аны урушуп, а  түгүл жазалап жатып калганы, башка маселе. Ата эне бир нерсени жакшы түшүнүүгө тийиш: бала айланасындагы чоң адамдардын үйрөнгөнүн жасайт, ошолорду туурайт.
 
Эмне кылуу керек: Эсиңерде болсун, балаңыз адеп төрөлгөндө таптаза, күнөөсүз бойдон төрөлөт. Эгер ал жаман нерселерге ооп, ошондой иштерди жасап баштаса, анын чөйрөсүн иликтеп, карап көрүңүз, балээнин баары ошол жакта жаткан болушу мүмкүн.
 

2). Ата-эне – баланы таптаган саяпкери, үлгү болчу, туу тутар адамдары.
 
Бала чоңоюп улам өскөн сайын жаман эмне, жакшы эмне, ушунун баарын ичинен аңдап, таанып жүрүп олтурат. Ата эне баласына чөйрөнү кантип тандоо керектигин, кандай адамдар менен жакын болсо өзү да ошого жараша калыптанып өсөөрүн, андыктан кимдер менен ынак болбосун адептүү, дили таза болуп, ошого ылайыктуу досторду, тааныштарды  күтүүгө  үйрөтүүгө милдеттүү. Аллахтын Элчиси (Ага тынчтык болсун) мынтип айткан:
 
Силердин ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер кол астыңардагы нерседен жоопкерсиңер. Амир жетекчи, ал кол астындагыларга жоопкер. Эркек киши өз үй-бүлөсүнө жетекчи. Аял киши - эринин үйүнө жана перзенттерине жетекчи, жоопкер. Кулу өз кожоюнунун мүлкүнүн башчысы  жана ага жоопкер.  Ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер кол астыңардагы нерседен жоопкерсиңер».   (Сахих Бухари).
 

Бу дүйнөгө келгенине аз эле болгон балакай али-бери өз милдеттеринин кандай экенин билбейт. Анын тээ түпкү табияты, дүйнөсү аны жакшы адам болууга үндөп турат, а бирок баланы ата эне колдоп-сүрөп туруусу керек. Баланы өзү менен өзүн “эмне болсоң ошол бол” деп таштап салсаңыз, ал ар кыл жаман адамдардын ченгээлине, алардын тарбиясына түшүп калуусу ыктымал. Эгер ата-эне баланын алдындагы өз милдеттерин так билип, бала табиятынан таза (фитра) абалда болоорун сезип мамиле кылчу болсо, аны Аллахты урматтоого, баш ийүүгө, Аллахтын Элчисин (САВ) сыйлоого  үйрөтүп чонойтуп-өстүрчү болсо, бала кийин соңу да жакшы сапаттары, мүнөздөрү бар мыкты адам болуп жетилет.
 
Эмне кылуу керек:  Эң ириде бала көп нерсени ата-энесинен көчүрөт, аларды туурайт. Баланын кылык-жоругунда  кандайдыр купулга толбогон , иренжиткен мандемдер байкалса, - атасы же апасы өздөрүнүн баланын көзүнчө жасаган кылык-жоругун, мамилелерин, жасаган иштерин карашсын. Ата-эне өздөрү жалган айтаарын айтып алып, анан баласына жалган сүйлөө күнөө экендиги тууралуу диний насааттарды айтчу болсо, анысы баары бир жардам бербейт.
 

3). Жакшы пейил жана мээрбандык – тарбиянын башаты  
 
Жакшы насаатчынын, баланы түз жолго салууну каалаган саяпкердин башкы белгиси – балага чындап кам көрүүсү. Так ушундай сапатка  Мухаммад (САВ) Пайгамбар эгедер эле. Ал айланасындагылардын баарына (а түгүл душмандарына да) жакшы пейил, мээрбандык менен мамиле жасачу. Баарыдан да балдарга өзгөчө жумшактык менен мамиле кылып, мисалы, намаз окуп жатканда маңдайын жерге тийгизген учурда үстүнө балдар үйүлүп чыгып алып, ойноп-шаракташса да унчукчу эмес, аларды тим койчу.
 
Абдуллах ибн Шаддад (Аллах андан раазы болсун) атасынан укканын  төмөнкүчө риваят кылат:
 
“Аллахтын Элчиси (САВ)  Магриб жана Ишаа маалында намазга имамдык кылуу үчүн келип калды, колунда Хасан,Хусейн аттуу бөбөктайларды  көтөрүп алыптыр.  Аллахтын Элчиси (САВ)  баарыбыздын асты жагыбызга туруп, катарлаш жанына балдарын коюп, тагбир айтып, намазды баштады. Намаз учурунда башын сеждеге коюуга келгенде,ал мандайын көп убакыт бою жерге койгон абалда турду. Менин атам: “ Башымды саждадан көтөргөндө Аллахтын Элчисинин (САВ) үстүнө чыгып ойноп жаткан балакайды көрдүм, аны көрүп дароо башымды кайра сеждеге койдум”. Намаз окулуп болгон соң: “О Аллахтын Элчиси, намаз маалында өтө көпкө башыңды саждага коюп турдуң, биз болсо сени бирдеме болуп кеттиби деп чочуладык, же Жараткандан кандайдыр бир белги алды го..,-деп да ойлодук” деп сурашканда, ал: “Эчтеке деле болгон жок, а бирок уулум саждага баш койгонумда үстүмө чыгып алгандыктан, анын тынчын алгым келген жок, эмне кылса кылсын деп жайына койдум”,-деп жооп берди  (Сунан ан-Насаи).
 
Тааныш-билиш жакын адамдарыңызды эстеп көрүңүзчү, намаз окуп жатышканда балдары ошентип үстүнө чыгып ойношсо, ошентүүгө уруксаат беришээр беле?  Намаз исламдын негизги түркүктөрүнүн бири эмеспи, мына ошол намазды окуп жатканда бала ар тараптан келип желкеге минчү болсо, кандай гана адам болсун ачуусу келбей койбойт эмеспи. Бирок, Мухаммад (САВ) Пайгамбар ойноо – баланын балалык дүйнөсүнүн бир бөлүгү экенин түшүнгөн, ошондуктан намаз окуп жатканда небересин силкип-кагып, ачууланбай өз эркине койгон. Андыктан биз да балдарыбыздын ар кыл оюнкарактыгы, тентектиги алдардын тууру өнүгүп-өсүүсү үчүн, физикалык, эмоционалдык, социалдык жактан жетилип,калыптануусу үчүн аябай маанилүү экендигин  түшүнүүбүз зарыл.
 
 Пайгамбар (САВ)  тизесинде отурган небересин өөп койгонун көргөн бир бедуин: «Эй, Алланын элчиси, сиз балдарыңызды өбөсүзбү? Менин он балам бар, бирин да бир да жолу өппөптүрмүн» дегенде Расулуллах (САВ): «Сенин жүрөгүңдү Алла катырып койгон болсо менин колуман эмне келмек эле?..» дептир.
 
Балага мээрим төгүү, аны жакшы көрүп өпкүлөп, сылоо өтө маанилүү нерсе, анткени ошону сезгенде гана бала эркин, бейпил, камаарабай өсүп, аны коргой турган ата-энесинин бар экенин туюп өсөт. Ал эми бала бой тартып, кыйла чоңоюп калганда, аны ашык эркелетүү да болбойт, ошол эле учурда  эркелетүүнү биротоло  таптакыр токтотуу да туура эмес.
 
Эмне кылуу керек: Эгер балаңыз начар жоруктарды жасап кирсе, аны дароо урушуп кирбей, кучактап туруп, далысына жумшак таптап: “Мен сени кечирдим, кел оңололу!” деңиз да, анын туура эместигин жайбаракат түшүндүрүп, аны оңоонун жолун айтыңыз: мисалы, туура эмес иш кылганын сезген соң балаңыз “астагфируллах” деп айтышы керектигин үйрөтүңүз, айыбы үчүн сизден кечирим сурасын ж.б. Балага жаман иштерди  жакшы иштер менен жууп кетирүүгө болоорун түшүндүрүү маанилүү! Анан калса, балаңыз намаз окуп жаткан учурда тоскоол болсо, дароо кагып-силкип  ачууланбаңыз, а бирок намаз аяктаган соң  астыңызга олтургузуп намаздын маанисин жана эмне үчүн намаз окуган кезде тоскоол кылса болбой турганын балага түшүндүрүңүз.
 
 
4). Балага кай жерден, кантип чек коюу керек?
 
Аллах (Ага мактоолор болсун) биздин ар бирибизге чек койгон. Аллахтын Элчиси (САВ) мынтип айткан:
 
“Кудуреттүү Аллах диний милдеттерди тактап койгон, андыктан аларды аткарбай, тоготпой койбо; Ал чектөөлөрдү да койгон, аларды аттап кетпе; Ал айрым бир маселелерде тыюу салган, аларды бузба; кээ бир маселелерде Ал унчуккан эмес – сага боор ооруп ошенткен, унутуп калгандыктын айынан  унчукпай койгон деп эсептебе – ошондуктан андай  нерселерди билейин, түбүнө жетейин  деп казба, чукуба” (Навави).
 
Кандайдыр чектөөлөр,тыюулар болбосо коомдо башаламндык болуп, ким каалаган өз билгенин жасап, бирөө, экинчи бирөөнүн укугун тепселеп чаржайыттык өкүм сүрөт. Чектөө болбосо, тарбиялап жаткан баланын абалы деле ушуга үндөш болот. Андыктан балаңыздын кылык-жоругун эркин кое бергенде кое берип, чектегенде чектеп турган  тарбиялык чектөө болушу керек. Эгер эмнени жасоо-жасабоонун чеги каерден башталып, каерден бүтөөрүн бала билбесе, аны өз каалоосу менен өз бетинче жасоого далалат кылат: ата-энесинин кабак-кашын акырын байкап,  каалаган тентектигин  жасап, оюна келген ишти кылып көрөт.
 
А эгерде баланы алдын ала жакшы, мыкты иштерге үйрөтүп, ак менен караны ажыраткан жагдайларды, кайсы жерде ал өзүн чектеп, кай жерде  кандай алып жүрүү керектигин  түшүндүрчү болсоңуз, ар кандай учурларда башаламан кадам таштабай, өзүн өзү көзөмөлдөп, чектөөнү үйрөнөт.
 
Эмне кылуу керек: Үйдөгү ар бир үй бүлө мүчөсү үчүн (анын ичинде өзүңүз үчүн да) эрежелерди жана чектөөлөрдү белгилеп коюңуз дагы, ал эрежелерди эмне үчүн сактоо зарылдыгын балага жакшылап түшүндүрүп бериңиз. Балдарга логикалык жактан оңой кабыл ала тургандай кылып, жөнөкөй тилде оюңузду  жеткириңиз. Балаңыз менен бирге олтуруп, чоң картон кагазга үйдөгү  жөнөкөй эрежелерди тизмектеп жазып, аны жакшылап түшүндүрүп, конок үйдөгү көрүнүктүү жерге же ашканага илип койгула. Балаңыз жакшы иштин өтөсүнө чыкса, аны сөзсүз белгилей жүрүңүз: кагазга атайын календарь түрүндө чийме чийип, балаңыздын жакшы иштерин улам белгилеп, а жуманын акырында  ага жакшы бир “сыйлыктарды” тартуу кылыңыз.
 

5). Баланын жашы жогорулаган сайын ага милдеттер жүктөлсө, адам катары калыптанып-өсүүсүнө түрткү болот
 
Биздин ар бирибиз өзүнө таандык болгон, кол астындагы нерселерге жооптуу, так эле ушундай түшүнүктү балага да үйрөтүү зарыл. Бир нерсеге жооптуу болуу, кандайдыр бир нерсенин жоопкерчилигин алуу -  балаңыздын көз карандысыз, эркин абалда өсүүсүнө, ошол эле маалда өзүнүн ар бир кадамын, чечимин өз акылы, эрки менен чече билген  жеке маанилүүлүгүн өзүнө туйдура баштайт. Бала ошо сезимдерди түшүнсө, ал өзү коомго таандык экенин, үй бүлөдө, коомчулукта анын жеке  орду бардыгын, андыктан ар бир ойлонгон оюу, жасаган ишине өзү жоопкер экендигин аңдай баштайт. Аллах Куранда, ар бирибиз өзүбүз кылган  ишибизге жоопкер экендигибиз тууралуу айтат:
 
 «О жок! Айга ант!Өтүп бараткан түнгө ант! Агарып келе жаткан таңга ант! Бул -эң чоң балээлеримдин бири. Адамзат үчүн эскертме катары: Силерден ким жакшылыкка умтулса ага да эскертүү. Ар бир жан өзү кылган иштин барымтасында калат.» (Куран, 74:32-38).
 
Бала чонойгон сайын ага милдеттерди жүктөө, эгер ал жоопкерчиликсиз болсо айлана-тегерегиндегилерди эле уятка калтыраарын түшүнүүгө  өбөлгө болот. Мына ушундай абалга бышып, өссө бала чонойгондо милдеттер өтө көбөйгөндө алардан тайсалдап, шашкалактап калбай, аны чечүүгө даяр болуп калыптанат.  А бирок милдет тагат десе эле тага   бербей, баланын жашына, денгээлине жараша милдеттерди жүктөгөн туура болот. Милдет үйүү маселесин бала мектепке бара элек курактан баштоо керек. Эчтекеге үйрөтпөй, эч нерсени таанытпай туруп эле “үйдү жыйнаштыр!” деп  урушуп, мажбурлай берсеңиз андан эчтеке чыкпайт. Анүчүн эмненин эмне экендигин майдалап түшүндүрүп, баарын майдадан баштап, баланын жаш курагы өйдөлөгөн сайын ошого жараш милдеттерди жүктөгөн оң. 
 
Эмне кылуу керек: Бала үчүн жөнөкөй милдеттер: ичип-жеп бүткөн соң идишин идиш жуучу жерге алып барып коюшу керек, тамакка,чайга олтураарда үстөлдү жасалгалоого жардам берүүгө тийиш. Ошентип акырындап өзү идиш жууну, дүкөндөн сатып келген азык-түлүктөрдү үйгө өзү жайгаштырууну үйрөнүп калат. Өспүрүм болуп бой тартып калганда, апасына тамак жасоого же үй жыйнаштырууга, үйдү таза,тыкан кармоого  жардам берип, ага көзү жетип калат.
 
Маалымат булагы: Productive Muslim.

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 
 

 

Facebook Пикир