Тарбия

islam04
  • 04 Кулжа 2017
  • 0
  • 484

Мечитте намаздан кийин ызы-чуу салган балакай- бөбөктайларды кантебиз?

Түмөн түйшүктүү жумушу аяктаган соң намазкөй адам мечитке барып, мечиттин аурасында сыйынып, ошол жерде Куран китеп окуп, мечит ичинде олтуруп алып кайсы бир маселелер боюнча ой калчоонуу туура көрөт чыгаар. А бирок мечитке бараарын барып, намаз окуп болгон соң мечиттин залында бөбөктайлар ары-бери карай чуркап, кыткылыктап балдардын үнү жаңырганда ой чачырап, ар нерсеге алаксып кетет. Мындай абалга мечитке каттап жүргөн көп эле адамдар кабылса керек.






Алхамдулиллах, барган сайын мусулман коомуна, чөйрөсүнө көптөгөн үй бүлөлөр аралашып, кызыгып жатканы жакшы. Анан да балакайлары менен чогуу  мечитке келишкенинин өзү кубаттоого алаарлык, туура нерсе. Анткени балдарын мечитке ала келүүнүн түпкү ниетинде “алар динди билсин, ага көнүгүшсүн, ал чөйрөдө жүрүп исламды үйрөнсүн, мусулман болуп өссүн” деген аруу тилек жатканы түшүнүктүү.
 
Балдарга болгон мындай тилектин болгону жакшы, бирок, мечитке жетелеп ала барган балакайларыбызга мечитте өзүн кантип жүрүү керектигин, анын себебин жеткилең түшүндүрүп койсок ашыкча болбос эле. Балакайларыбыз, бөбөктайларыбыз мечитти  “..досторубуз менен кубалашып ойной турган жай, ээн-эркин ойной берсек  бизди эч ким тыйбайт тура..” деп  түшүнүп албоосу үчүн бул маселеге өтө чебердик, салмактуулук менен мамиле кылуу зарыл.
 
Мечитке кичине балдарын жетелей барган ата-энелерге, мечиттеги  намазкөйлөргө бир катар кеңештерди сунуштайбыз:

 
Маселени чечүүнүн чыгармачыл ыгы
 
Мечиттеги намаз маалында, андан башка диний иш чаралар учурунда балдарыбыз өзүнчө ойноп, эс алып турчу атайын программаларды ойлоп табууга болот.  Балдарды алаксытууга болгон керектүү нерселерди, оюнчуктарды, ар кандай көңул ачуучу каражаттардын чыгымын мечитке келген ата-энелер өздөрү сүйлөшүп өздөрү сатып алышканы оң. Эгер бул долбоорун ишке ашырса, ата энелер өз ара уюшкандыкта мечитке келген балдарынын тынч, бейпил ойной туруусуна шарт түзүп беришкен болушмак.
 

Кайсы жерде ойношот?
 
Мечиттин короосуна же бир аянтына балдар аянтчасын же ойной турган жай (жумшак чөп төшөлгөн, селкинчектери бар) курдурууга ата-энелердин мүмкүнчүлүгү жетсе, анда бул өтө  сонун идея. Же болбосо, мечиттин бир өзүнчө бөлмөсүн энелер балдарын карап олтура тургандай кылып даярдап, ал бөлмө ар кыл оюнчуктар менен толтурулса, бул да маселени чечүүнүн бир ыгы болмок. Маселе ыктуу чечилген соң, ал бөлмөдө балдарды карап олтурган аялдар үчүн атайын телевизор орнотулуп, андан диний лекциялар көргөзүлсө же аудио аркылуу  дааваттар уктурулуп турса кыйла пайдалуу болмок.
 

Мечитке бала жетелеп келсеңиз камдуу келиңиз
 
Эгер мечитте  атайын балдар аянтчасын же балдар бөлмөсүн түзүүгө  шарт жок болсо, үйдөн чыкканда үнү чыкпаган бала алаксычу оюнчуктардан чөнтөгүңүзгө  салып алыңыз.  Мисалы,  түстүү карандаштарды, атайын сүрөттөрү бар боену талап кылган  альбом алып алсаңыз  балакай ошону менен алек болуп алаксыйт. Аны менен бирге мөмө ширесинин согун, мечиттин килемдерин булгабай турган кургатылган жемиш кактарын алып алсаңыз баланы тынчтандырып олтурганга жакшы.
 

Мечитке келээрден мурун балакайга мечиттин шарттарын түшүндүрүңүз
 
Мечитке бараадан мурда ата-эне балакайга мечитте өзүн кантип алып жүрүү керектигин түшүндүрүүсү кажет, бул өтө маанилүү.  Мечит дегенин эмне экенин түшүндүрбөй туруп, анын маанисин терең жеткирбей туруп балакайдан мечитте шоктонбоосун талап кылуу да туура эмес. “Мечиттин залында ары-бери чуркаба, кыйкырба, күлбө” деген сыяктуу эскертүүлөрду айтып коюу ашыкча болбойт.
 
Мечитке ала келген  балаңыз бир аз бой тартып калган өспүрүм куракта болсо, имам сүйлөп жаткан учурда өз достору менен шыбырашып-күбүрөшүп, ар кай нерсени  сүйлөшүп олтуруу туура болбостугун эскертип коюңуз.  Ата-эне баласына акыл айтканда анын жаш курагын, аң сезиминин өнүгүү денгээлин эске алуусу керек. Мечит тууралуу, мечиттеги адеп тууралуу ата эне баласына айтпаса, дебесе, албетте баласы  мечитте олтурганда адептүүлүк  эмне экенин билбей  өзүн ой келди алып олтурушу мүмкүн.
 
А бирок балдар канчалык   ызы-чуу салбасын , баланын балалык табиятын туура түшүнүп, ошого да сабырдуулук менен мамиле жасоо зарыл. Бөбөктайлар  мечитте чочуркап ыйлаган учурлары көп болот, жаңы тамтуң баскандары мечиттеги ар кай нерсеге кызыгып, таңыркап карап, ар тарапка басып, кармалаган, быдылдап сүйлөнгөн мисалдар кездешет.
 
Аллахтын Элчиси ыйлап жаткан баланы көрсө,жүрөгү кошо ыйлачу.Боорукер эненин мээримин жүрөгүндө  сезчү.Анын (САВ) ченемсиз боорукерлиги туурасында Абу Хурайрадан баяндалган бир хадисте мындайча берилет:
 
" Намазда турганымда, намазды узунураак окугум келет,Анан жаш баланын ыйлаганын угуп,жанындагы энесинин баласына болгон кыйбастык сезимин билгенимден улам,намазды тездетип окуп бүтүрөм".
 

Дагы башка бир хадисте Ибн Аббас (Аллах андан раазы болсун) , Мухаммад (САВ) пайгамбар Меккеге келгенде анын астынан Бани Абдул Мутталибдин кичине уулдары тосуп чыкканда, алардын бирөөсүн далысына көтөрүп, экинчисин колунан жетелеп алганын эскерет.
 


Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
  
 

 

Facebook Пикир