Тарых

islam/history/KG02
  • 09 Тогуздун айы 2017
  • 0
  • 2815

Кылыч же калем? Ислам кантип таралган?

Исламдын таралуу тарыхы ушул күнгө чейин талаш-тартышты жаратып келет. Кээ бири аны дүйнөгө кылыч жана от менен таңууланган десе, башкалары ислам тынчтык жолу менен таратылганын белгилешет. Бирок, исламдын таралуу тарыхы бул же тигил көз караштан алганда деле, көпчүлүгү божомолдор болуп чыгат. Массалык маалымат каражаттарындагы жалган же такталбаган маалыматтар дагы стереотиптердин калыптанышына түрткү берип келет. Коомдун кээ бир гана өкүлдөрү, өз карашын айтаардан мурда, тарыхты, фактыларды изилдеп көрүп, акыйкат баасын берип жүрүшөт. Бул талашта кимдики туура? Ислам кантип таратылган? Зордук-зомбулук же чакыруу жолу мененби? Кылыч же калем? Маселе так ушунда... Акыйкатка жакындоо үчүн, алгач исламдын бүткүл дүйнөгө таралышынын себептерин, тарыхын изилдеп, аларды талдоо зарыл.



Исламдын пайда болуу башаты
 
Демек, биздин эранын VI-VIII кылымдары. Араб жарым аралы. Арабдар исламга чейинки коомдо, ошол кездеги кошуна элдер жана мамлекеттер сыяктуу эле, бутпарастыктын кучагында жашап келишкен. Арабдардын арасында ээн баштык жана заалимдик, уруулар аралык согуштар жана кагылышуулар өкүм сүрүп келген. Исламга чейинки Арабиянын тарыхынын бул мезгили, уруучулуктун, түркөйлүктүн жана калыссыздыктын мезгили деп аталат. Арабдарда эреже болгон: «ал эзилген же эзүүчү-заалим болсо дагы, өзүңдүн уруулашыңа жардам бер». Күчтүү уруулар, алсыз, сан жагынан аз урууларды эзип, шылдыңдашкан.
 
Улуттарга бөлүү да кеңири кулачын жайган. Мисалы, Африкадан келген кара терилүүлөр адам катары эсептелбей, аларды кул катары карашкан. Ошол мезгилдеги социалдык теңсиздик жогорку деңгээлге жетип, сүткорлук, талап-тоноо жана зордук-зомбулук катардагы көрүнүшкө айланган.
 
Бирок Аллах арабдардын курейш уруусуна акыркы пайгамбар Мухамадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана ыраазычылыгы болсун!) жөнөткөн. Пайгамбарлыкты жөнөткөнгө чейин эле, арабдарга Мухаммаддын (ага тынчтык болсун!) өспүрүм кезинен тазалыгы, адеп-ахлагынын бийиктиги белгилүү болчу. Чынчылдыгы жана калыс сүйлөгөндүгү үчүн Амин деп аташкан («ишенимдүү», «туура»). Мухаммад (ага тынчтык болсун!) 26 жашында Хадиджа бинт Хувайлидге үйлөнгөн. 610-жылы, 40 жаштагы Мухаммадга (ага тынчтык болсун!), Рамазан айында, Хира үңкүрүндө, Жабраил периште (ага тынчтык болсун!) Аллахтын жаңылыгы — Куранды алып келген.
 
Ошол мезгилде, исламга чейинки арабдардын коомунда зулумдук менен калыссыздык өз чегине жетип, дүйнөлүк тарыхта Аллахтын акыркы пайгамбары жана элчиси — Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана ыраазычылыгы болсун!) пайда болот. Бул жаңы доордун, ислам доорунун башталышы болуп, ушул күнгө чейин уланып келет.
Бул цивилизациянын түркүгү болуп, бир гана Жаратканга — бир Кудайга сыйынуу, уруусуна, улутуна жана расасына карабай, Кудайдын алдында бардык адамдардын теңдиги жана бир туугандыгы эсептелет.
 
Куранда айтылат: «Чындыгында, Аллах — адилеттүүлүктү, жакшылыкты жана тууган-урукка кайрымдуу болууну буюруп, уятсыздыктан, каапырлыктан жана чектен ашуудан тыят. Аллах силерге (ушундайча) насыят берет. Балким түшүнөөрсүңөр» («Нахл» сүрөөсү, 90-аят)
 
Аллахтын пайгамбары жана элчиси Мухаммад (ага тынчтык болсун!) айтты: «Чындыгында, Аллах силерден түркөйлүккө таандык улуттук уруулук кайратты жана ага таандык өзүнүн ата-бабалары менен мактануу салттын өчүрдү. Мындан ары адамдар такыба мусулмандарга же бактысыз күнөөкөрлөргө гана бөлүнөт! Бардык адамдар — Адам атанын балдары, Адам ата топурактан жаратылган. Ошондуктан, такыбалыктан тышкары, арабдардын араб эместерден эч кандай артыкчылыгы жок» (ат-Тирмизи).
 
Аллахтын пайгамбары жана элчиси Мухаммаддын (ага тынчтык болсун!) чакырыгы, Арабиянын исламга чейинки коомуна чындыгында чоң төңкөрүш болгон. Ислам, динге ишенгендердин арасына сүйүү, теңчилик тартуулап, акыйкатка умтулгандардын кыймылдаткыч күчүнө айланган. Теңчилик принциби көптөгөн жүрөктөрдү ээлеген. Түрдүү курактагы, уруудагы, улуттагы, расады адамдар, эркектер менен аялдар, мурунку кул ээлөөчүлөр менен кулдар — баардыгы ислам динин кабыл ала башташкан.
 
Бул, албетте, бийлик башында турган араб-бутпарастардын көрө албастыгын жана коркунучун жараткан. Анткени ал Арабиянын бүткүл бутпарас жашоосуна бүлүк салып, башкаруу тутумунун талкаланышына коркунуч туудурган. Араб бутпарастырынын байлары жана ак сөөктөрү, мусулман динине чакырууну, ар кандай жолдор менен токтотууга аракет кыла башташкан. Алгач куулук, сатып алуу, коркутуу жолдорун колдонушса, андан кийин Мухаммад пайгамбарга (ага тынчтык болсун!) зордук-зомбулук көрсөтүп, кугуунтуктоо жана өмүрүнө кол салууга чейин барышкан.
 
Алгач алар төмөнкү сунушту киргизишкен: «Эй Мухаммад! Эгерде байлыкка ээ болуу үчүн, ушул ишке келсең, биз сага байлык чогултуп беребиз. Сен биздин арабыздагы бай адамдардын бири болосуң. Эгерде биздин арабыздан атак-даңкка жетүү үчүн келсең, сени биз өзүбүздүн кожоюнубуз кылабыз. Эгерде сен ушу менен бийликкежетүүнү кааласаң, сени биз падышабыз кыла алабыз....». Анда пайгамбар (ага тынчтык болсун!) мындай деп жооп берди: «Мен силерден байлык же атак-даңк талап кылып, падышаңар болуу үчүн келип жаткан жерим жок»; «Аллах менен карганам! Эгерде алар менин бир күндү, экинчи айды алып берсе да, мен эч качан өз динимди таратууну токтотпойм» (Ибн Хишам «Сира ар-Расуль»)
 
Бутпарастар кылган аракеттеринин бардыгы пайдасыз экендигин байкагандан кийин, мусулмандарды жана пайгамбарды (ага тынчтык болсун!) куугунтукка алып, өлүм коркунучу жаралган. Кугуунтуктоолор 12-13 жыл уланып, ага чыдабаган мусулмандар, баш калка издеп, ар кайсы шаарларга тентип кетишкен. Аларды кырып жоюп жатканда дагы, өздөрүн коргоо үчүн кылыч көтөрүшкөн эмес!
 
Ошентип ал 622-жылга чейин уланган. Мусулмандар акыры Ясриб (кийинчерек Медина шаары) шаарынан баш калка таппай, ал жакка толук көчүп келген эмес. Ошол учурда арабдардын коому араб-мусулмандарга жана араб-бутпарастарга бөлүнүп калган эле.
 
Кылыч же калем?!
 
«Динде мажбурлоо жок....» − Курандын «аль-Бакара» сүрөөсүнүн 256-аятында ушинтип айтылат. Чындыгында, кийинки 13 жыл аралыгында, Меккеде, Мединада да исламга мажбурлоо же аны таңуулоо болгон эмес. Бирок Мединада исламды кабыл алуу боюнча күчтүү өнүгүү байкалат.
 
Ошол учурда Меккедеги араб-бутпарастар, Мединада жаңы мусулман коомчулугу пайда болгонун билишип, аскер топтоп, согушка аттанышат. Мусулмандар менен бутпарастардын алкачкы салгылашы, 624-жылы Мединадан алыс эмес жердеги Бадр кудугунун жанында өтүп, бутпарастар оор жеңилүүгө учурайт. Бирок бир жылдан кийин, 625-жылы алар кайрадан кол курап келип, мусулмандарды жеңип алышат.
 
627-жылы бутпарастар Медина шаарын бир айдай курчап, Рвадагы кагылыш, аларды чегинүүгө мажбур кылат. Ошентип, араб жарым аралында, 630-жылга чейин арабдардын ортосунда кандуу кагылышуулар болуп, анын натыйжасында, Меккенин бутпарастары багынып беришкен. Ал мезгилде бардык араб уруулары ислам динин кабыл алган. Араб жарым аралындагы исламдын кыскача тарыхы ушундай.
 
Урматтуу окурман, сиздин көңүлүңүздү, 624-жылдагы бутпарастар менен мусулмандардын салгылашына чейинки мезгилге бургум келип жатат. Өзүңүз байкагандай, Аллахтын өкүмү менен бир дагы мусулман, ага зордук-зомбулук көрсөтүп, өлтүрүп жатса дагы, курал же күч колдонуп өзүн коргогон эмес. Тактап айтканда бир да жолу кылыч көтөрбөгөн.
 
Ырайымсыз куугунтуктоолордон жана кол салуулардан кийин, 13 жыл өтүп, Аллах мусулмандарга баскынчылардан коргонуу үчүн, кылычты колдонууга уруксат берген аятты жиберет.
 
Аллах Куранда айтты: «Алар: «Эгебиз Аллах!» - дегендиги үчүн гана жазыксыз жерден журттарынан куулгандар. Эгер Аллах адамдардын кээ бирин башкасы аркылуу коргобосо кечилканалар, чиркөөлөр, иудейлердин сыйынуу жайлары жана ичинде Аллахтын ысмы көбүрөөк аталган мечиттер кыйратылмак. Ким Аллах жолунда жардам берсе, Аллах да ага жардам берет. Чындыгында, Аллах — Күчтүү жана Ызаттуу!» («Хаж» сүрөөсү, 40-аят).
 
Аллах Куранда айтат: «Силерге согуш ачкандар менен Аллах жолунда согушкула жана чектен чыкпагыла. Чындыгында, Аллах чектен чыккандарды жакшы көрбөйт» («Бакара» сүрөөсү, 190-аят), жана: «Эгер алар бузукулуктарын тыйышса, албетте, Аллах - Ырайымдуу, Боорукер» ( «Бакара» сүрөөсү, 192-аят). Бул аяттар, динге ишенгендердин ар-намысына, өмүрүнө кыянаттык кылганда, кылыч көтөрүүгө ислам уруксат берерин көрсөтөт.
 
Тилекке каршы, бизге жагабы же жакпайбы, бирок согуш адамзаттын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Анткени, калыссыздык, зомбулук көрсөтүү, эзүү жана башаламандык дагы да бар. Бүгүнкү күндө, ар бир мамлекет өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, куралдуу күчтөргө ээ. Эл аралык укук ченемдерине ылайык, ар бир мамлекет баскынчылардан коргонууга укуктуу.
 
Анда эмнеге ислам жана мусулмандар коргонбошу керек? Ал учурларда эч кандай эл аралык укуктар, адамдын укуктарын коргоо, гуманитардык катастрофаларга жана геноцидге арачы түшүү укугу жок болгон.
 
Балким, кимдир бирөө Византия менен Персия империяларынын ортосундагы салгылашты бетке кармашы мүмкүн. Сөзсүз, бул факт, бирок биз андан араб мамлекеттеринин ичинде жүргөн салгылаштардын жүрүшүн көрө алабыз. Бул эки империяда тең элдер эзүүгө, зордук-зомбулукка кабылган. Ал аймактардын жашоочулары, ислам аларды коргоого алганына кубанышкан. Анткени, ислам зордук-зомбулук көргөн, кулга айланган элге жаңы чектерди жана келечекти ачып, аны тарыхчылардын жана ойчулдардын пикирлери тастыктайт.
 
Мындай мисалдардын бир нечесине токтолобуз.
 
Жордж Бернард Шоу (1856−1950) – англис жазуучусу, романист, драматург, Нобель сыйлыгынын лауреаты.
«Эгерде Мухаммадга окшош адам, азыркы дүйнөнү жалгыз башкарса, бардык маселелерди чечип, өз кезегинде, дүйнөгө бүгүнкү күндө зарыл болгон тынчтыкты жана бакытты тартуулай алмак. Мен анын өмүр таржымалы менен тереңден таанышып чыктым. Аны адамзаттын Сактоочусу деп атоого болот. Эгерде кийинки жүз жылдыкта, Англия менен Европаны бир гана дин башкара алса, анда ал дин — ислам (Чыныгы ислам. 1-т. №8).
 
Наполеон Бонапарт (1769−1821) – 1804-1815 — жылдардагы француз императору, улуу аскер башчы жана азыркы француз мамлекетинин түптөлүшүнө негиз салган мамлкеттик ишмер.
 
«Моисей өз элине Кудайдын бар экенин тааныткан. Иисус Христос — Римдиктерге, ал эми Мухаммад — бүткүл Европага тарата алды».
 
«Иисустан 6 кылымдан кийин келип, Авраам, Исмаил, Моисей жана Иисустар айтып жүргөн Кудайды, Мухаммад арабдар менен тааныштырганга чейин, Арабия бутпарастардын өлкөсү эле. Арийлер жана кээ бир башка диний агымдар танын, Баланын жана Ыйык Күчтүн табияты жөнүндөгү маселеси менен Чыгыштагы тынчтыкты бузуп келишкен. Мухаммад аларга Кудай жалгыз, анын атасы да, баласы да жок экендигин түшүндүрүп, ал эми «үчтүккө» сыйынуу, бутпарастык идея экенин белгилеген.
 
«Мен бардык өлкөлөрдөгү билимдүү жана акылдуу адамдарды бириктирип, адамдарды бакытка жеткирүгө жөндөмдүү, жападан-жалгыз так-таасын жетекчилик болгон, Курандын принциптерине негизделген бирдиктүү мамлекет түзөөрүмө ишенем. Ал да алыс эмес.....» (Наполеондун жеке каттары. 1-т, 5-бөлүм. № 4287 17.07.1799-ж.).
 
Махатма Ганди (1869−1948) − Индиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн кыймылдын идеологдорунун жана жетекчилеринин бири.
«Мен миллиондогон адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапкан, талашсыз мыкты бийлик жүргүзгөндөрдү билгим келет. Ошол учурда исламдын орду кылыч менен келбегенине ишене баштадым... Ага пайгамбардын мөлтүр тазалыгы, өзүн-өзү курмандыкка чалышы, өзүнүн милдеттерин так аткарышы, досторуна жана үммөттөрүнө берилгендиги, анын эрдиги, каармандыгы, Кудайга жана максатына болгон чексиз ишеними жеткирген деп так кесе айта алам» (Харун Яхъи. Мухаммад Пайгамбар. 2008).
 
Ислам соода-сатык, илим жана чакыруу менен таралган мамлекеттерге назар салып көрсөк, Саудия менен Иранга караганда, Индонезияда мусулмандардын саны көп. Ал жакта 240 миллион мусулман (!) жашап, исламды кабыл алгандан кийин, индонезия эли менен эч кандай салгылашуулар жана согуштар болгон эмес. Элдин өзү, ислам уламаларынын сөздөрүнө муюп, динди кабыл алышкан. Эч качан адам мажбурлап же кылычтап динди таратууга мүмкүн эмес.
 
Адам динди тандап алууда эркин болушу зарыл. Ал ишенбеген нерсеге, эч ким күчтөп ишендире албайт. Индонезия менен катар, ислам кеңири тараган мамлекеттерди жана материктерди мисал кылсак болот: Австралия, Түштүк жана Түндүк Америка, Африка, Европа жана Азия.
 
Кыргызстандын аймагына ислам дининин таралышы
 
Биздин окурмандардын кызыккан суроолорунун бири, кыргыздар качан жана кантип мусулман болушкан? Эң башкысы, кыргыздар исламды кантип кабыл алган — кылычтын мизи же үгүттөө мененби? Бул суроолорго жооп берерден мурун, тарыхта араб-кыргыз согушу болгонбу, араб-мусулмандардын аскерлери кыргыз жерине басып кирип, алардын үйлөрүн өрттөгөнбү?, ушул суроолорго так жооп издешибиз керек.
 
Тарых барактарына кайрыла турган болсок, Орто Азия, анын ичинде азыркы Кыргызстандын аймагы, көптөгөн кылымдар бою, Сибирдин, Кытайдын, Монголиянын, Персиянын ар кандай уруулары жана элдери менен жоолашып келишкен. Бирок кыргыз тарыхында, алардын араб-мусулмандар менен салгышканы жөнүндө маалыматтар жок.
Кыргыз жериндеги исламдын пайда болушу жөнүндөгү алгачкы эскерүүлөр VIII кылымга таандык. Ал эми Х кылымда, Караханиддердин доорундагы, гүлдөп өскөн Баласагын (азыркы Токмок шаарынан алыс эмес жердеги, Бурана мунарасы) шаарынын расмий дини ислам болгон. Анткени, Караханид каганатынын башчысы — Сатук каган исламды кабыл алган. Араб тарыхчысы Ибн Касир өзүнүн «аль-Бидая уаль-Нихая» китебинде (6-т, 155-бет) мындай деп жазат: «Баласагун жана Кашкар түрктөрүнүн 10 миң үй-бүлөсү ислам динин кабыл алып, анын урматына, Курман айтка 20 миң кой курмандыкка чалынды. Баласагундуктар, башка түрк шаарлары исламды кабыл алуу менен улуу урматтуу макамга ээ болушууда».
 
Кыргыздардын курамына, Борбордук Азиядагы уруулар жана түрк элдери кирип, көчмөндөрдүн арасынан алгачкы болуп ислам динин кабыл алып, бул динди алып жүрүүчүлөр болуп саналышкан. Алар түрк-карлуктар, чигилдер, ягмалар, огуздар жана кыпчактар. Азыркы Кыргызстандын аймагында пайда болгон уруулардын аскердик-саясий бирикмелеринин таасиринен, кыргыздар исламды XIV-XV кылымдарда кабыл алса керек. Кээ бир тарыхчылардын айтымында, Борбордук Азиядагы уруулар биригип, кыргыз элинин курамына киришкен.
 
Азыркы Кыргызстан тарыхый мусулман эстеликтерине бай (Бурана мунарасы, Таш-Рабат ж.б.) жана ошондой эле X-XII кылымдардын таанымал инсандары Жусуп Баласагын (Баласагын шаарында жарык дүйнөгө келген - азыркы Токмок ), Махмуд Кашкари-Барскани (Барскоон шаарында төрөлгөн — Ысык-Көл). Жада калса, «Манас» эпосунан да мусулман маданиятын жана салттарын кездештиребиз.
 
Корутунду
Исламдын келип чыгышынын жана өнүгүшүнүн кыскача тарыхын талдоо менен, ислам дининин эч башкы куралы, кылычтан өткүр сөз болгонуна дагы бир жолу ынанабыз. Бүгүнкү күндө миллиардаган адамдар өз эрки менен Жараткандын алдында тизе бүгүп, Ыйык Жазууда кыл калем менен жазылган Кудуреттүү Аллахтын сөзүн окуп жатышат. Ар бирибиз исламдын улуулугун билүү үчүн, колубузга Ыйык Куранды алып, окуп чыгуубуз керек. Анткени, Куранда алгачкы сөз, «Оку!!!» деп айтылат.
 
Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды Ал уюган кандан жараткан. Оку!Сенин Эгең абдан Айкөл — Ызааттуу. Ал (инсанга) калем менен жазууну үйрөткөн. (Ал) инсанга анын билбеген нерселерин билдирген   - «Алак» сүрөөсү, 1-5 — аяттар
 
автору: Азат Аманов
 
Маалымат булагы:  ummamag.kg
 
 
ISLAMLIFE.KG
 
 

Facebook Пикир