Асан Саипов

Биография

САИПОВ АСАН КАЗЫБАЕВИЧ  
 
**  1971-жылы 21-сентябрда Ош облусунун, Өзгөн районундагы Комсомол айылында (Азыркы Алтын Булак айылы);  атасы Саипов Казыбай жана апасы Байзакова Касиеттин үй бүлөсүндө туулган. 10 бир туугандын эң кичүүсү
**  1988-жылы №50 Комсомол орто мектебин аяктаган
**  1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында ага сержант болуп кызмат өтөгөн. **  1993-жылы Түркия мамлекетинин Диянет Иштери Башкармалыгы менен Ош Мамлекеттик Университетинин ортосундагы келишимдин негизинде теология факультети ачылып, 1993-1996-жылдар арасында Түркия мамлекетинин борборундагы Анкара университетинин теология факультетинде;
**  1996-1998-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультетинде билим алып, теолог (дин таануучу) жана ыйман сабагынын мугалими деген квалификацияга ээ болуп, университетти ийгиликтүү аяктаган.
**  1999-жылы  Кыргыз теле-радиосунда “Жума хутбасы” теле берүүсүнүн редактору жана “Карысы бардын, ырысы бар” аттуу көрсөтүүнүн редактору; Кыргызстан мусулмандарынын алдында чыгып турган “Ислам маданияты” гезитинин жооптуу редактору болуп иштеп баштаган.
**  2002-жылы өкмөттүн алдындагы мамлекеттик дин агенттигинде дин боюнча эксперт   **  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасында 2002-жылдын август айынан баштап 2008-жылдын аягына чейин пресс катчы жана “Ислам маданияты” гезитинин башкы редактору,
**  Ошол эле учурда 2004-2008-жылдары “Ак Башат” диний, коомдук журналдын башкы редактору,
**  2002-2007-жылдары Кыргызстан Ислам Университетинде “Ислам тарыхы”, “Ислам философиясы” сабагынан мугалим катары кызмат кылган.
**  2004-жылдын 1-сентябрынан 20-декабрга чейин Кыргызстан Ислам Университети жана Америка Кошмо Штатынын департаментинин келишимдеринин негизинде Индиана штатында Индиана университетинде билим жогорулатуу курсунда окуган;
**  2008-2011-жылдар арасында Түркия мамлекетинин Диянет Иштери Башкармалыгынын чакыруусу менен Стамбул шаарында Хасеки диний билим жогорулатуучу курсунда окуган;
**  2011-жылдын апрель айында Чүй облустук казыятында казынын жардамчысы, жооптуу катчы кызматында;
**  2012-2014-жылдар арасында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде дин таануу илими боюнча магистрликти бүтүргөн;
**  2013-жылдын ноябрь айынан баштап 2015-жылдын февраль айына чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасында Пресса жана коомдук байланыш бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.
 
** Үй бүлөлүү, үч уул, үч кыздын атасы.
 

Макалалар