Чубак ажы Жалилов

Биография



Чубак ажы Жалилов  

**  1975-жылдын 21-январында  Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.
**  Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган.
**  Сауд Аравиядагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда араб тили, андан соң фикх боюнча билимин жогорулаткан.
**  Орто мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн.
 
Эмгек жолу:
**  1995-1998 — Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим;
**  2005-2007 — Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти;
**  2008-2010 — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде мугалими;
** 2010-2012 — Кыргызстандын азирети муфтийи;
**  Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын атасы. Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

  
 
 

Макалалар