Абдышүкүр ажы Нарматов

Биография

Абдишүкүр Нарматов
 
1968-жылы 8-февралда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган.
1985-жылы орто мектепти бүткөн соң,
1986-1988-жылдары СССР куралдуу күчтөрүндө ага сержант катары кызматын өтөгөн.
1989-1993-жылдары Ташкенттеги Имам Бухарий атындагы Ислам институтун,
1993-2000-жылдары Каирде Аль-Азхар эл аралык Ислам университетинин Ислам укугу факультетин бүтүргөн.
2014-жылы юридикалык факультетте магистратураны артыкчылык менен аяктаган.
2000-2003-жылдары “Азирети Умар” атындагы ислам институтунун ректору,
2003-2006-жылдары “Алтын муун” кайрымдуулук фондунун мүдүрү,
2003-2007-жылдары Азия мусулмандары комитетинин үгүт-насаат бөлүм башчысы,
2006-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан Ислам Университетинин ректору.
2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы борбордук мечитте
2003-2006-жылдары Бишкектеги Ата Түрк сейил багындагы Тайба мечитинде,
2009-жылдан ушул күнгө чейин 12-кичи райондогу Айша мечитинин минбарында Жума баяндарын жалпы жамаатка баяндап келет.
 
Ошондой эле 2001-2006-жылдары КТРде “Жума хутбасы” көрсөтүүсүндө, 2010-жылдан бүгүнкө күнгө чейин ЭлТР каналында “Жума баяны”, Манас жаңырыгы телевидениесинде “Жума хутбасы” көрсөтүүлөрүндө элге үгүт-насаат иштерин жүргүзүп келүүдө.
 
“Ислам негиздери”, “Бейиш жолу”, “Жашооңду өзгөрт”, “Өчпөс өмүр” китептеринин автору. Мындан башка жалпы мусулмандарга арналган маңыздуу жана таасирдүү үгүт-насаат камтыган дисктер жана кассеталардын автору.
 
Беш кыз эки уулдун атасы.
 

Макалалар