Биография
Марс Ибраев
** 1975-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн.
** Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин Юридикалык факультетин аяктаган.
** 1992-2002 ж.ж. Египетте билим алган. 1992-жылы Египеттеги исламий аль-Азхар университетине тапшырып бакалавр даражасындагы дипломго ээ болуп, андан кийин 4 жыл бою акида жана философия кафедрасында о.э. теология факультетинде билимин өркүндөтүп, жогорку билимге ээ болгон.
** 2003-жылы Кыргызстанга келип санаалаш, идеялаш достору менен бирге “Адеп башаты” деген фондду түптөгөн. Ушул эле мезгилде Бишкек гуманитардык университетиндеги Чыгыш таануу факультетинен магистратураны аяктаган.
** 2007-2014 ж.ж. Ош калаасында “Адеп башаты” фондусун жетектеген.
** 2014-жылы Абдышүкүр ажы Нарматовдун чакыруусу менен Кыргызстандагы Ислам университетинин проректорлук кызматын аркалай баштаган.
** 2016-жылдын 15-мартынан тартып аталган окуу жайдын ректору болуп дайындалды.
** Үй бүлөлүү, Акбермет аттуу кызы, Мухаммед, Мустафа аттуу уулдары бар.
Макалалар