Кабарлар

BAE/tyiu
  • 03 Үчтүн айы 2018
  • 445

Бириккен Араб эмираттары Орусиядан келчү этке, куш этине тыюу киргизди

Куш тумоосунун чыккандыгына байланыштуу Бириккен араб эмиараттары Орусиянын Кострома жана Астрахан облустарынан  о.э. Калмыкстандан келчү эт азыктарына, куш этине жана жумурткага тыюу салды.
 
Новости агенттиги National булагына шилтеме берип, жогоруда аталган райондордо жакында эле куш тумоосу чыкканын кабарлады.  Агенттик Бириккен араб эмираттарынын Айлана чөйрөнүн жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министрлигинин “сырттан келген азыктардын коопсузудугун тыкыр кароо зарылдыгын” баса белгилеген билдирүүсүн да мисал келтирет.
 
Буга чейин Татарстандын ветеринардык кызматынын башчысы Алмаз Хисамутдинов Приволга федералдык аймагында о.э.бүтүндөй Орусиянын аймактарында жаныбарлардын илдетке чалдыгуусу боюнча кырдаал стабилдүү эмес болуп жатканын айткан.
 
2017-жыл ичинде эле аталган аймактарда 14 куш тумоосу, 61 африканын чочко чумасы, 42- нодулярдык дерматит жана 5 ящур катталган.
 
ISLAMLIFE.KG
 

Facebook Пикир