Кабарлар

Egipt/09
  • 12 Жалган куран 2018
  • 578

Египет: Биринчи аялдын макулдугу жок экинчи аял алууга уруксаат бербеген мыйзам

Экинчи жубай алууну каалаган эркек биринчи аялдын макулдугусуз бул ишке батынса абакка камалуусу мүмкүн. Ушундай мыйзам долбоорун Египеттин парламентинин депутаты Абла Хавари сунуштаганы турат.
 
Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, мыйзамды бузган эркек жазаланып 6 айга абакка кесилет.
 
“Көп аял алуучулукту жоюу керек, азырынча андай боло элек, биздин милдетибиз, эң кур дегенде биринчи аялды да, экинчи аялды да коргоого ала турган көзөмөл механизмин иштеп чыгуу”,-дейт депутат.
 
Депутаттын айтымында, Египетте көп аялдар күйөөсүнүн башка аялы бар экенин билбей жүрө берген учурлар, ал эми бала-чакасы өздөрүнөн башка да башка никеден “туугандары” бар экендигин билбеген мисалдар аз эмес. Күйөөсү каза болуп калганда гана чыныгы чыр чатак башталып, кимге кандай мүлк тийиши керектигин талашкан ызы чуу чыгат.
 
Маалымат булагы: Islamtoday.ru
 
ISLAMLIFE.KG

Facebook Пикир