Кабарлар

Idlib/war
  • 03 Үчтүн айы 2018
  • 406

Идлибге Орусия авиасокку урду: мүрт кеткендер арасында кичине балдар бар

2018-жылдын 2-январь түнкүсүн болжолдуу маалымат боюнча Орусиялык авиация Идлиб аймагындагы жөнөкөй калк жашаган Хан Ан-Субул айылына абадан сокку урду. “Анадолу” маалымат агенттиги ушундай маалыматты Жарандык коргонуу күчтөрүнүн өкүлү  Мустафа Хадж  Юсуптун берген маалыматына таянып билдирди.
 
Юсуфтун айтуусунда, аба соккусунан жетиден кем эмес киши мүрт кетти, анын ичинде 5 кичинекей бала да бар. Андан тышкары 15 жөнөкөй жарандар, арасында аялдар, жаш балдар ар кыл жаракат алышкан.  Алардын баары жакынкы ооруканага жеткирилди, арасынан абалы өто оорлору бар.
 
Сокку Орусиянын аба күчтөрү аркылуу урулушу мүмкүндүгүн четке кагууга болбойт,-дейт Юсуф.  Сонку жумаларда Идлибдин түндүк жагында аба соккулары, атышуулар күчөдү. Акыркы 20 күн ичинде Сириянын ушул районунда 50 го жакын карапайым тургундары набыт болуп, 150дөн ашууну жаракат алышты.
 
 
 
ISLAMLIFE.KG
    

Facebook Пикир