Кабарлар

Ооганстан/билим берүү
  • 13 Жалган куран 2018
  • 523

Ооган аялдары Казакстанда билим ала башташат

Бириккен улуттар уюму менен биргелешкен программанын алкагында Ооганстандан миңге жакын аялдар, кыз келиндер Казакстандан билим алуу мүмкүндүгүнө ээ болушат.
 
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Станислав Василенконун берген маалыматына караганда, программанын ишке ишке ашуусу үчүн каражатты Евросоюз бөлгөн.
 
“Наркы 50 миллион доллар турган биздин билим берүү программасына ылайык 2010-жылдан 2021-жыл аралыгында Казакстандын окуу жайларында Ооганстандан миңге жакын аялдар, кыз-келиндер келип билим ала алышат”-деди дипломат.
 
Айта кетели, буга чейин ММКда айтылган маалымат боюнча, 2018-жылы күз айында  Астана калаасында “Ооганстандагы аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деген аталыштагы эл аралык конференция өтөөрү маалымдалган эле.
 
 
 
ISLAMLIFE.KG
 
 
 
 

Facebook Пикир