Кабарлар

Basharov
  • 03 Үчтүн айы 2018
  • 33

Орусиялык актер Марат Башаров Сириялык эки качкын баланы асырап алмай болду

Орусиялык белгилүү актер Марат Башаров Сириялык эки качкын балакайды – беш жашар Ахмадды, жети жашар Асманы асырап алмай болууда. Эки абал азыркы тапта Ливандагы качкындардын убактылуу баш калкалоочу районунда жашап жатышат.
 
“Новости” агенттигинин билдиришнче, актер эки балага ай сайын материалдык жардам берип турат. Башаров жиберген каражатка балдар үчүн азык түлүк жана эн керектүү болгон товарлар сатылып берилет. Бул жардамдар эки балага гана эмес, алардын 6 бир тууган ага-инилерине, эже карындаштарына да таратылат.
 
Эки баланы асырап алуу расмий түрдө январь айынын бир күнүдө болоору күтүлүп жатат. Ага чейин орусиядан барган атайын делегация Ливанга барып эки бала менен кезигип келет.
 
“Менин балалыгым бактылуу өткөн, Сирия, Ливандын балакайлардын о.э. башка мамлекеттердеги балдардын баарынын балалык чагы советтик балдардын бала кезиндей: үстүндө ачык асман, келечекке болгон ишеним чоң болуп, ата-энелери кашында болушун каалайт элем”,-деп өз оюн билдирген Марат Башаров.
 
ISLAMLIFE.KG
  
 

Facebook Пикир