Кабарлар

Poland/kachkyndar
  • 03 Үчтүн айы 2018
  • 624

Польша мусулман качкындардан баш тартты

Польша бийликтери мындан ары туруктуу позицияны карманып, мусулман мамлекеттеринен качкындарды кабыл албоо чечимине келишкендигин билдиришти. Мына ушундай мазмундагы билдирүүнү өлкөнүн премьер-министри Матеуш Моравецкий айтып, ошол эле учурда Украина тараптан качкындарды кабыл алуу уланып жатканын белгиледи.
 
Польша өкүмөт башчысынын айтуусунда азыркы учурда өлкө ичинде баш калкалап жүргөн украиналык качкындардын саны бир жарым милиионго жетиши ыктымал. Алардын арасында он миңден ашууну согуш болуп жаткан аймактардан Польша тарапка өтө качкан жарандар.
 
Айта кетсек, мусулман мамлекеттеринен качкындарды кабыл алуудан баш тарткандыгы үчүн Еврокомиссия 2017-жылдын 28-декабрында Евросоюздун сотуна Польшага доомат коюп арыз таштады.  Евросоюздун качкындар боюнча программасын бузгандардын арасында Венгрия , Чехия да аталууда.
 
 
ISLAMLIFE.KG
  

Facebook Пикир