Кабарлар

00912
  • 13 Жалган куран 2018
  • 780

Ташкент имамы: Түрк сериалындагы сулуу жигиттерди кыялданган аялдар тууралуу (Видео)

Ташкент калаасындагы «Мирза Юсуф» мечитинин имамы өткөн жума хутпасы учурунда намазга келгендерге баян кылып жатып “түркия сериалдары өзбектердин генефондуна залалын тийгизээрин” айтты. Бул туурасында  Telegram-каналдагы  Uzbek video chanel булагында билдирилет.
 
“Күйөөсү менен жыныстык катнаш учурунда аял башка эркекти элестетсе, бүгүн ошондой эле болуп жатат, түрк сериалдардагы чырайлуу эркектерди элестетип жатышат аялдар, кыздар, эми  мына ошондой болсо алардан бачабаз балдар туулат”-деп билдирди имам Рахматулло Сайфутдинов жума намазынын алдындагы хутпада.
 
Ансыз да жергиликтүү маалымат каражаттарында түрк сериалдарына каршы маанайдагы кампания жүрүп жаткан маалда имамдын мындай билдирүүсү ого бетер коомдук пикирди оожалтып жиберди. Өткөн айда ZO’RTV телеканалы “Кара сүйүү” (Kara Sevda) деп аталган түрк сериалын көрсөтүүнү токтотууга аргасыз болду.  Өзбекстандын Басма сөз жана маалымат агенттигинин астындагы ММКга көз салуу борбору аталган сериалды улуттук менталитетке, салт-санаага жана үй бүлөлүк баалуулукка каршы келген тасма деп тапкан  болчу.
 
   
 
ISLAMLIFE.KG
 
 
 
  '
';

Facebook Пикир