Кабарлар

Turkey/008
  • 13 Жалган куран 2018
  • 511

Түркия бийлиги Германиядагы мечитке болгон кол салууга тынчсыздануусун билдирди

Түркия бийлиги Германияда жайгашкан мечитке болгон кол салууга тынчсыздануусун билдирип үн катты. Мечитке кол салуу окуясы болуп өтөөрү менен Анкара Германия элчиси Мартин Эдманды чакырып нааразылык нотасын тапшырды.
 
“Биз ГФРда исламофобдор жана Курдистандын жумушчу партиясынын мүчөлөрү мечиттерге , биздин жарандарга кандайча кол салып жатканына баам салып турабыз. Буга биз аябай тынчсызданып жатабыз”- деп билдирет Түркиянын вице-епремьери Бекир Боздаг.
 
Мындан тышкары ал немис бийликтери түрк жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн болгон аракеттерди кылуусу керектигин кошумчалап, “Берлин шыкактоочуларды, кылмыштын түпкү күнөөкөрлөрүн кармап, жазалоого тийиш” экендигин билдирди.  
 
 
ISLAMLIFE.KG

Facebook Пикир