Кабарлар

black/car
  • 03 Үчтүн айы 2018
  • 365

Түркмөнстанда кара түстөгү машине минүүгө тыюу салынды

2018-жылдын январынан тартып Туркмөнстанда кара түстөгү машине айдоого тыюу салынды. “Түркмөнстан хроникасы” булагынын маалыматына караганда,  эки айдан бери  Ашхабаддагы Юбилейный көчөсүндө жайгашкан авто токтоочу жайда кара түстөгү унааларга толуп кеткен.
 
Кара түстөгү унааларды полиция дароо арестке алып, эвакуациялоону тездетип, натыйжада айто токтоочу жайларда кара түстөгү машинелерге үйүлгөн. Бир нече күн мурда унаа ээлерине машинелерин кайтарып беришип, бирок алар унааларын ак түскө же башка ачык түско боемой болуп милдеттендирилген.  
 
“Азатлык” радиосунун кабарлоосунда кара машинелер унаа токтоочу жайлардан түз эле эвакуаторг салынып полицияга караштуу  айып төлөөчү атайын жайга   алып барылууда. Карар түстүү унаага байланышкан мыйзам чыккандан бери автосервистик кызматтарда машинени башка түскө бое ишине болгон баа да эки эсе жогорулап кетти. Мурда машинени бое 500 доллар турган болсо, учурда ал иштин наркы азыр 1000 долларды чапчыйт.
 
Айта кетсек, 2015-жылдын январынан тартып Түркмөнстанга кара түстөгү унааны ташууга тыюу салынган.
 
ISLAMLIFE.KG

Facebook Пикир