СУРОО: Ассаламу алекум. Врач бассейнге барышың керек деп кеңеш берди. Мен өзүм намаз окуйм, а бассейндер болсо бизде кыз-эркек аралаш жүрө беришет. Общий бассейндерге бара берсем болобу же кандай кылсам?

ЖООП: 

Аракет кылып башка жолдорун деле караштырып көрүңүз. Такыр эле болбосо, бассейндерге эч ким жок убакыттарды байкаштырып, таң заардан же өтө кечинде эч ким жокто түшсөңүз болот.   Сиз бассейнде көп убакыт деле болбойсуз да, врач деле белгилүү бир убакытка чейин сүз деп кеңеш берген болуш керек.